Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты


Баткен облусундагы Боз-Адыр кыштагына чукул жердеги талаштуу тилке, 2012-жыл
Баткен облусундагы Боз-Адыр кыштагына чукул жердеги талаштуу тилке, 2012-жыл

12-май күнү кечке жуук Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чегинде чыр чыгып, бир кыргыз жаран каза болду. Өзбекстандын күч кызматкерлери алып кеткен дагы бир кыргызстандык кайтарылды. Каргашалуу окуя болгон Согмент айылынын тургундары Кыргызстанга тиешелүү делген талаштуу аймакка коңшу өлкөнүн чек арачылары кирип келгенин айтышууда.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин өзбек чек арачыларынын огунан мерт болгон кыргызcтандык жарандын сөөгү бүгүн жерге берилет. Ал эми өзбек чек арачылары кармап кетти деп айтылган жаран кыргыз тарапка кайтарылды.

Ушул тапта Сох анклавында каттам кадимкидей жүрүп жатат. Аймакта милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.​

12-майда Баткен районунун Согмент айылынын четиндеги Өзбекстан менен чектеш Какыр жергесинде Баткен районунун Боз-Адыр айылынын үч тургуну кошуна өлкөдөн жашылча-жемиш тартып баратканда чек арачыларга кармалган. Өзбек тараптын билдирүүсүндө алар чек арачылардын буйругуна баш ийбей койгондо ок чыгарылганы айтылат.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева кыргызстандык үч жаран «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен токтоого уруксат берилбеген аймакта Өзбекстандан Кыргызстанга жер-жемиш алып өтүүгө аракет кылганын "Азаттыкка" билдирди.

- Кыргызстандын жарандары Өзбекстандын чек арачыларынын “Токтогула!” деген талабына баш ийбей коюшканда, өзбек чек арачылар Кыргызстандын жарандарына карата курал колдонушкан. Андан Кыргызстандын бир жараны жарадар болуп, кийинчерээк Сох айылында каза тапкан. Экинчи кыргызстандык жаранды өзбек аскерлери кармап кеткен, үчүнчү жаран Кыргызстандын аймагына качып кирген. Кыргызстандын кармалган жаранына карата өзбек тарап иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Азыркы тапта Сох анклавынын аймагында бул окуянын себептерин жана жагдайын териштирүү боюнча Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.

Согмент айылынын башчысы Гыламидин Чуранов окуя болгон чек арадагы такталбаган жер буга чейин Кыргызстандын аймагы деп эсептелип турганын айтты:

- Азыр топтолгон кишилер таркап кетишти. Машиналарды болсо эки тараптын чек арачылары атайын мөөр басып, ошол жерде карап турушат. Жыйынтыгы эми 13-майда билинет да. Азыр сүйлөшүп жатышат. Окуя негизи Кыргызстандыкы деп айтылган жерде болду. Бирок тактала элек, жазыла элек деп айтылат экен. Ошол чек ара биздин эле аймак болчу. Анан бул жигиттер товар алып өтөбүз дешсе керек, аны биз так билбейт экенбиз.

Өзбек чек арачыларынын курал колдонуусунан кийин Боз-Адыр жана Согмент айылдарында маркумдун жердештери топтолуп туруп, анан таркап кетишти.

Боз-Адырдагы жергиликтүү кеңештин депутаты Ибрагим Гайназаров бийлик да, эл да чек арадагы мындай окуялардан сабак алып, чек араны тактоону тездетүү сунушун айтат.

- Мындай окуя биринчи жолу эмес. Ошондуктан бийлик да сабак алып, кошуналар менен мамилени караштырышы керек. Ушул окуянын жыйынтыгына мамлекет туура баа бериши керек. Качанкыга чейин мындай болот? Тактала элек жер эле деп жүрө бербей, чек араны такташ керек. Антпесе кимдин аймагында болду, ким туура, ким туура эмес деп жүрө берсек, мындай окуя дагы кайталанса эмне болот?

Кыргыз-өзбек чегинде майда соода кылам деп чек арачылардын огунан мерт болгон окуя Баткен облусунда биринчи жолу чыккан жок. Жыл сайын кайталанган мындай окуяларда ок аткан тарапка кылмыш иши козголуп, бирок ал иштен натыйжа чыкпай калат. Бул жолку окуяны коңшу эки өлкөнүн президенттеринин 8-майда Москвада кайым айтышуусуна, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө байланыштыргандар да болбой койгон жок.

XS
SM
MD
LG