Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Кайталанма карактоолордун карааны


Оштун аба майданы
Оштун аба майданы

Ош аба майданындагы ири өлчөмдөгү карактоону уюштурду деген шек менен Орусиянын Омск шаарынан Аслан Рахманкулов кармалды.

Анын алдында бул карактоого катышы бар транс-улуттук уюшкан кылмыштуу топко кирген Казакстандын эки жараны кылтакка илинген. Буга чейин бул чуулгандуу карактоонун учугу Кызыл-Кыя шаарынан табылып, анын беш тургуну камакка алынган. Бирок өздүк булактар тастыктагандай, алардын бири Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутатынын иниси Нурбек Сыргабаев абактан чыгып, Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага жатып алган. Милиция азырынча бул маалыматты расмий түрдө тастыктай да, төгүндөй да элек.

Уюшма топто чек ара жок

Ош аба майданындагы беш жарым миллион доллардан ашуун акчанын каракталышы боюнча Орусиянын Омск шаарында Аслан Рахманкулов кармалды. 42 жаштагы бул жаранга чуулгандуу карактоону уюштурду деген шек менен издөө жарыяланган. Милиция карактоону транс-улуттук уюшкан кылмыш тобу даярдаган деп шек санайт. Анткени карактоого шектелген ал уюшма топко Казакстандын да беш жараны кирген. Алардын экөө кыргыз тараптын өтүнүчү менен жакында Казакстанда кармалды.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Түштүк аймактык башкы башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов ошол кармалгандардын сурагы көп жагдайды ачыктайт деп ишенет:

- Аэропорттогу карактоо боюнча эки казак жараны кармалган. Бирок биз ал жактан тергөө амалдарын жүргүзүүгө уруксат ала элекпиз. Казакстандын Башкы прокуратурасы макулдук берери менен биздин кызматкерлер ал жакка барып, тергөө амалдарын жүргүзөт. Алардын бул жактагы кыргыз өнөктөштөрүнөн уюштуруучу катары шектелген Аслан Рахманкулов биздин жөнөткөн суроо-талап боюнча Омск шаарында чек арада кармалып, азыр отурат. Жакын арада аны дагы бул жакка алып келүү жагы чечилет. Мына ошолор бул жакка алынып келген соң, иштеги көп жагдайлардын бети ачылат деп турабыз. Анткени Рахманкулов бардыгын уюштуруп, байланыштарды тапкан. Бул жактан кармалган Нурбек Сыргабаевди да бул ишке ошол адам тарткан экен.

“Бирин кармагыча бири бошонуп...”

Ички иштер органдарындагы ишенимдүү эки булактын тастыкташынча, Ош аба майданындагы карактоого катышы бар деп камакка алынган Нурбек Сыргабаев жакында абактан бошотулуп, Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага жаткырылган. Өздүк булактардын айтымында, учурда Сыргабаев ал медициналык мекеменин 8-бөлүмүндө кармалып, атайын кайтарууга алынган.

Малик Нурдинов анын абактан бошогонун билбей турганын айтып, бирок бул ишти толук ачкыча эле жакында Кызыл-Кыяда экинчи карактоо фактысы катталганын маалымдады:

- Нурбек Сыргабаев бул иште уюштуруучу эмес. Анын учурда камактан чыгып-чыкпаганын билбейм. Мен аны тактап көрөйүнчү. Азыр мен Кызыл-Кыяда элем. Бул жакта дагы өткөндө 29-апрель күнү бир миллион долларды карактап кетишиптир. Азыр мен ошол иш боюнча жүрөм. Бир карактоо ишин ачсак, эми минтип экинчиси болуп жатат. Жолдо келе жатканда карактап кетишкен экен.

Агасы үчүн иниси жооп бербейби?

Аэропорттогу андан мурунку чуулгандуу карактоого шектелип кармалгандардын бири Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замир Сыргабаевдин бир тууган иниси болуп чыккан. Буга чейин Замир Сыргабаев инисинин кармалганы боюнча “Азаттыкка” комментарий берип, “тонолгон акча мамлекеттин эмес, соодагерлердики” болгонун айткан. Замир Сыргабаев “Бир бол” партиясынын лидери, парламент депутаты Алтынбек Сулаймановдун жакын санаалашы жана партиялашы катары белгилүү.

Алтынбек Сулайманов “Азаттыкка” курган маегинде агасы үчүн иниси жооп бербестигин жүйө келтирген:

- Замир Сыргабаев деген жигит кыргыздын намысын коргоп, желегин желбиретип, дүйнөнүн чемпиону болгон спортчу. Эми анын бир тууганы ошол окуяга катышы бар деп кармалып, түрмөдө отурат. Тергөө иши жүрүп жатат. Анын ошол ишке катышканы аныкталды. Эч ким тана албайт. Ал өзү мыйзам чегинде жооп бериши керек. Замир бир тууганы үчүн жооп бербейт. Бирок иниси кармалгандын эртеси эле ал туура эмес комментарий берип алган. Мен ага жолугуп, бул боюнча айткам. Аны тануу кыйын. Замир өзү Кызыл-Кыяда шаардык кеңештин эки жолку депутаты болгон.

Карактоолордун тутумдашкан мүнөзү

Былтыр күздө - сентябрь айында Бишкектин чок ортосунда «Дельта-Восток» күзөт агенттигинин инкассатор машинесине мыкаачылык менен кол салынып, күзөтчүлөрдүн башчысы окко учуп, эки кызматкер жараат алган. Бул кол салуунун жыйынтыгында «Аэро-Тур» жана «Адал-Туризм» деген туристтик компанияларга таандык 1 миллион 700 миң доллар каракталган. Бул акча соодагерлердин турфирма аркылуу Түркияга товар алууга жөнөткөн аманаты экени тергөөдө аныкталган. «Аэро-Тур» компаниясынын жетекчиси Александр Коптев ушул күнгө чейин кылмыш иши ачылбай, аманат акчанын ээлерине эмне деп жооп кайтарарды билбей жүргөнүн кошумчалады. Анын айтымында, бул иш боюнча үч адам шектелип, аларга эл аралык издөө жарыяланган. Бирок иштин жагдайы азырынча ачыла элек.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев өлкөдө ири өлчөмдөгү чуулгандуу карактоолор тутумдашкан мүнөзгө өтүп калганын мындайча мүнөздөдү:

- Бул атайын уюштурулган системалуу карактоо. Ири өлчөмдөгү акчаны тоноп-карактап, анан ал иштердин көпчүлүгү ачылбай, ачылса да, кээ бир уюшма топ мүчөлөрү кармалса да зыян калыбына келтирилбей жатат. Анан "муну кармадык, аны кармадык" дешип, көз боёп, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дагы коомдук пикирден коркпой калышты. Анткени алар бир гана адамга ишенет. Ошол адамга жакса, ошону менен жакшы болсо, калганы бардыгы боло берет экен деген түшүнүк болуп калды.

Былтыр 27-декабрда Ош аэропортундагы “Асман-Тур” фирмасынын кеңсесине кирип барган куралдуу топ, Үрүмчүгө жөнөтүлө турган беш баштык акчаны карактап кеткен. Кийин ал акчанын өлчөмү 5 миллион 679 миң доллар экени жарыяланган. Авиациялык коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Данил Токтоконов каракталган акчанын өлчөмү 13 миллион доллар болгонун айтууда. Анткени ал накталай акчаны аэропорттон декларациялоодо анын суммасы эки эсеге аз көрсөтүлгөнүн белгилеген эле. 2013-жылы 9-ноябрда дагы Ош аба майданында 4,5 миллион доллар каракталып, бул иш боюнча эки адам кармалып, бирок акча табылбай калган.

XS
SM
MD
LG