Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев көп балалуу аялдарды “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо боюнча буйрукка бүгүн кол койду. Ага ылайык, быйыл жети жана андан көп баласы бар 3 654 аял “Баатыр эне” ордени менен сыйланат. Ал эми 6 баласы бар 578 аял “Эне даңкы” медалын алат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Энелерге жогорудагыдай сыйлыкты тапшыруу боюнча мамлекет башчынын буйругу жыл сайын Энелер күнүнө карата чыгат.
2012-жылдан тарта өлкөдө Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. (SE)