Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Лавров менен Керри Сириядагы жана Йемендеги кырдаалды талкуулады


Сочидеги жолугушуу. 12-май, 2015-жыл
Сочидеги жолугушуу. 12-май, 2015-жыл

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү. Орусия тараптын маалыматы боюнча сүйлөшүү Вашингтондун демилгеси менен болду.

Бейшембиде Сирияда "Ислам мамлекети" радикал тобунун аскерлери байыркы эстеликтерге бай Палмира шаарына киришкен. “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары буга чейин Иракта Нимруд, Хатра сыяктуу археологиялык дөөлөттөрдү жана Мосул музейиндеги байыркы эстеликтерди кыйратып, тоношкон. Ушундан улам ЮНЕСКО Палмираны сактап калуу үчүн дүйнөлүк коомчулукка кайрылууда.

Лавров менен Керри буга чейин 12-майда Сочиде жолугушкан. Төрт сааттан ашуун убакка созулган ал сүйлөшүүгө орус президенти Владимир Путин да катышкан. Орус тарап сүйлөшүүнү ийгиликтүү деп атаганы менен, Украинадагы кырдаал өзгөргөн жок.

XS
SM
MD
LG