Президент Алмазбек Атамбаевдин Балдарды коргоо күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда азыркыдай оор турмушта балдар ата-энелердин да, мамлекеттин да өзгөчө камкордугуна муктаж экени белгиленет.
“Балдарга карата жасалган зордук-зомбулук менен күрөш жүргүзүү, жетимдерди камкордукка алуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо - мамлекеттин парзы. Ошондой болсо да коомубузда ата-энесинин, жакын туугандарынын жана айрым мыкаачылардын зордук-зомбулугуна туш болуп, кордолгон балдардын көбөйүп жатышы бизди өтө тынчсыздандырат”.
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында жеткинчектерге арналган иш-чаралар өтүүдө.
Укук коргоочулар соңку учурда балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүп жатканына тынчсызданууларын билдирип келишет. ИИМдин маалыматы боюнча, быйыл төрт айда балдарга карата 54 сексуалдык кылмыш катталган. Мындай мүнөздөгү кылмыштар акыркы жылдары он пайызга өскөн. Статистикалык маалымат боюнча, 2011-жылы 83 факт катталса, 2014-жылы 140ка жеткен. (КЕ)