Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

Ысык-Көлдө айыл жаштарынын спартакиадасы жыйынтыкталды


28-майдан 2-июнга чейин созулган спартакиадага спорттун жети түрү боюнча өлкө аймагынан жети курама команда, 500дөн ашуун спортчу катышкан.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене-тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди. Анын кабарлашынча, жалпы эсепте Ысык-Көлдүн курама командасы алдыга чыкты. Экинчини Жалал-Абад, үчүнчүнү оштук жаштар алышты. “Спартакиадага профессионал спортчулар катышкан жок. Карапайым, айылдык жаштар келишти. Быйыл онунчу жолу өткөрүп жатабыз. Максаты, айыл жаштарын спортко тартуу жана аймактардагы жаштардын бири-бири менен жакындан таанышуусуна шарт түзүү. Жаштар волейбол, футбол, ордо, жеңил атлетика, тогуз коргоол, кол күрөш жана кыргыз күрөшү боюнча күч сынашты”,- деди Султамбаев. (МТо)

XS
SM
MD
LG