Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Чыналиев: Донбасстагы согушка бир да кыргызстандык аралашкан жок


Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев “Азаттыкка” курган маегинде Украинанын Луганск, Донецк аймактарындагы жаңжалдарга бир да кыргызстандык аралашкан жок деп билдирди.

Элчи интернеттеги Донбасста орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүрөм деген кыргызстандык тууралуу тасманы атайын жасалган чагымчылдык деп баалап, ар түрдүү туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирди.

Чыналиевдин оюнча, Киев Минск келишимин жана Луганск менен Донецктеги "элдик республикалардын" талаптарын эске алып, конституциялык реформаларды жүргүзсө, аймактагы стабилдүүлүккө жол ачылмак.

Апрель айында интернетте Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөн Нурлан аттуу кыргызстандык тартылган кыска тасма тараган. Ал Кыргызстандан экенин жана “Кыргыз” деген лакап ысым менен орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөнүн баяндаган.

Ага чейин да бир кыргыз жараны “Азаттыкка” маек куруп, бир нече кыргызстандык Донбасстагы согушка катышып жүргөнүн, өзү да барып келгенин айткан эле. (SA)

XS
SM
MD
LG