Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Жерүйгө инвестор акчасы келе элек


Жерүйдү иштетүүгө каршы бир канча жолу Таласта нааразылык акциялар өткөн
Жерүйдү иштетүүгө каршы бир канча жолу Таласта нааразылык акциялар өткөн

“Восток-геолдобыча” Жерүй үчүн 90 миллион долларды которо элек. Кыргыз өкмөтү аталган кенди 100 миллион доллар деп баалаган.

Орусиялык компания алгач 10 миллион доллар которгон, эми калганын 22-июнга чейин бериши керек. Ал арада Таласта айрым жергиликтүү тургундар Кумтөр бир жаңсыл чечилмейинче Жерүй казылбасын деген талаптарынан баш тарта элек.

Сынактын шарты боюнча, 100 миллион долларды которуу мөөнөтү так белгиленген. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Элианора Сыдыкова билдиргендей, белгиленген убакта каражат которулбаса көрүлө турган чаралар так жазылган:

- Эгер каражат которулбай калса, кечиксе, же баш тартса деген шарттар бар. Эгер ушундай болсо сынактан утуп алган компания лицензия алуу укугунан ажырайт жана алгач которгон 10 миллион доллары которулбайт. Алар 90 миллионду которушары менен лицензиялык келишим түзүлөт. Андан кийин үч ай ичинде комбинатты куруп, 2,5 жылдын ичинде алтын казып ала башташы керек.

Жерүйдүн иштетилишине каршылардын акциясы, 15-май, 2013
Жерүйдүн иштетилишине каршылардын акциясы, 15-май, 2013

“Восток-геолдобычанын” Кыргызстандагы өкүлү Базарбай Мамбетов акча өз убагында которулат деп ишендирип жатат. Анын айтымында, аталган компания Жерүйдүн алтынын экологияга зыян келтирбеген шартта казат:

- Соңку 24 жылдан бери потенциалы жогору, тажрыйбасы көп, дүйнөлүк деңгээлдеги компания биринчи жолу келип жатат. 24 жылдан бери жети көз боёмочу компания келген. Алар лицензияны биринен бирине сата берип, эч кандай иш кылышкан эмес. Бул компания Жерүйдү инновациялык, жаңы технология менен иштетет. Ачык карбер жасап, ачык казылбайт. Жер астынан эле казылат. Курамында цианид бар уу калдыктарын сактай турган жай курулбайт.

Жерүйгө байланыштуу талаш-тартыштар тууралуу 16-июнда Таласта “Ата Мекен” партиясынын жыйынында сөз болду. Аталган партиянын мүчөсү, мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов анда кенди казууда цианид колдонулбасын деген чечим кабыл алынганын тастыктады:

- Эгер казыла турган болсо, экологияга зыяны тийбегендей болсун деп айттык. Биздин лидер эгер цианид колдонуудан баш тартпаса, эл да нааразы болуп атса, анда кенди казбай, кийинки урпактарга сактап коюш керектигин айтты. Дүйнө эли урпактары үчүн деп алтындарын банктарга сактап жатпайбы. Бизде тоодон өткөн ишенимдүү банк жок. Алтыныбыз тоонун алдында жатат. Байлыгыбыздын баарын эле бүгүн казып, түгөтүп салуу болбойт да.

Акциялар уланары эскертилди

Буга чейин Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмеси Жерүй боюнча сынактын чечимин жокко чыгаруу тууралуу бийликке кайрылуу жолдогон болчу. Бирикменин жетекчиси Орозбек Дүйшеев азыркыдай шартта иштетилсе, Жерүйдө Кумтөрдөн начар абал түзүлө турганын эскерткен:

- Мисалы, Кумтөрдү алгач бергенибизде 70 пайыз үлүшү биздики, 30у канадалыктардыкы болчу. Кен Кыргызстандын байлыгы, биздин менчик. Биз аны биргелешип иштеткенге гана берип жатабыз. Кумтөр боюнча башкы келишимде Директорлор кеңешиндеги тогуз адамдын алтоо Кыргызстандан болушу керек деп жазылган. Бирок муну аткарбай койду. Ошонун негизинде Кыргызстан башкарууга катышпай, Канада тарап өз билгенин кылды. Ал эми Жерүйдө Кыргызстандын бир пайыз да үлүшү жок. Башкарууга катышпайт. Биз 100 миллион долларга 3 миллиарддык байлыгыбызды сатып жибердик. Бул адамдын акылына сыйбай турган жорук. Экинчи жактан, биз ал-бул дегенибиз менен Кумтөргө келген канадалыктар адистер болчу. Ал эми Жерүйгө келгендер адистер эмес, алардын жер байлыгын иштетүү боюнча тажрыйбасы жок. Бул чалгындоо иштерин гана жүргүзүп келген, уюшканына 10 гана жыл болгон менчик компания.

Жерүйдө иш токтоп турат
Жерүйдө иш токтоп турат

Аталган кен сатылганы менен Таласта айрым жергиликтүү тургундар Кумтөр бир жаңсыл чечилмейинче Жерүй казылбасын деген талаптарынан баш тарта элек.

Таластын Чат-Базар айылынын тургуну, жарандык активист Калыбек Шатманов орозо бүткөндөн кийин каршылык акциялар уланарын маалымдады:

- Мисалы, Кумтөрдөн мамлекет оңолуп, завод-фабрика курулуп, жолдор салынып, өлкөбүз гүлдөп кетсе, анда Жерүйдүн ачылышына макул болмокпуз. Азыркы бийликке ишенич жок болуп жатат. “Талас эл ынтымагы” коомунан башка дагы уюмдар менен чогулуп сүйлөшүп атабыз. Орозо бүткөндөн кийин мыйзам чегиндеги каршылык акцияларды уюштурабыз.

Жерүй боюнча сынак өткөн айда жыйынтыкталган. Анда орусиялык “Восток-геолдобыча” компаниясы утуп алган болчу. Кумтөрдөн кийинки эле бул ири кен бир канча жолу сатылып, колдон колго өткөн. Анда болжол менен кеминде 100 тоннага жакын алтын жатат.

XS
SM
MD
LG