Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Ооган-түркмөн чек арасында атышуу болду


Жаздан бери “Талибан” кыймылы негизги провинцияларда террордук акттарды уюштуруусун улантып, бир нече райондорду ээлеп алышты.
Жаздан бери “Талибан” кыймылы негизги провинцияларда террордук акттарды уюштуруусун улантып, бир нече райондорду ээлеп алышты.

Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен Жаузжан провинциясында согушкерлер менен өкмөттүк армиянын ортосунда атышуу болду.

Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен Жаузжан провинциясында согушкерлер менен өкмөттүк армиянын ортосунда өткөн жуманын соңунда атышуу болду. Аймак бийлиги кагылышуудан жергиликтүү аскерий кошуун - арбакилердин бир мүчөсү мерт болгонун маалымдады. Чабуул үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы алды.

Согушкерлер негизинен аймактагы арбакилердин турумдарына чабуул койгон. Жергиликтүү кошуундарга аймактагы өкмөттүк күчтөр көмөктөшкөн соң бир нече сааттан кийин кол салгандар артка чегинүүгө мажбур болушкан.

Каркин районунун акими Мухаммад Сахи Ихсам болгон окуяны мындай сүрөттөдү:

- Кечээ башталган атышуу бир нече саатка созулду. Согушкерлердин көбү талибандардын негизги бөлүгү топтолгон Хакяб аймагынан келишти. Орозо айы болгон үчүн биз кагылышууларга жол бербейли деп ойлогонбуз. Ошол себепетен аймак аксакалдарын тартып, жергиликтүү өкмөттүк күчтөрдөн жардам сурадык.

Аким айткандай эле Жаузжан провинциясына ошол замат өкмөттүк күчтөр тартылган. Бул маалыматты арбакилердин башчысы Курбантурды Хеккан да тастыктады.

- Согушкерлер менен кагылышуу 16 саатка созулду. Атышуудан кошуундун бир мүчөсү набыт кетти. Бешөө жарадар болду. Каркын вилайетинен да талибандардан катарына айрым жергиликтүү тургундар кошулуп кетүүдө. Бул кырдаал ушундай нукта улана берсе, чектеш Түркмөнстанга да коркунуч туудурбай койбойт. Согушкерлердин чабуулу күндөн-күнгө күчөп барат, ал эми биздин күчүбүз алсырап жатат. Ошол себептен түркмөндөрдөн жардам сурайбыз.

Ооганстандын Борбор Азия менен чектешкен аймактарында согушкерлер быйыл апрелден бери активдешүүдө. Эксперттер региондун Ооганстан менен чек араларынын эң аярлуу бөлүгү Түркмөнстанга туш келерин белгилешет. Анткени башка өлкөлөр менен чек аралардан айырмаланып, ал жерде тоо сыяктуу табигый тоскоолдуктар жок.

Ооганстан менен Түркмөнстан чек арасы 745 чакырымды түзөт. Жыл башында Ашхабад запастагы офицерлери менен аскерлерин мобилизациялап, чек аранын айрым бөлүктөрүндө тереңдиги алты метрлик аң каздырып, кошумча тикенек зым тарткан эле. Түркмөндөрдүн мындай коопсуздук чаралары ооган тараптагы түркмөндөрдүн нааразылыгын жараткан.

Байкоочулардын баамында, былтыр Ооганстандан эл аралык коалициянын күчтөрү чыгып кеткенден кийин согушкерлер өкмөткө каршы аракеттерин масштабдуу түрдө активдештире башташты. Өлкөдө АКШ менен НАТОнун 10 миң 800дөй жоокери калган. Бирок алардын быйылкы жылдын башынан берки негизги вазийпасы - ооган күчтөрүн машыктыруу.

Жаз башынан бери “Талибан” кыймылы негизги провинцияларда террордук акттарды уюштуруусун улантып, бир нече райондорду ээлеп алышты.

XS
SM
MD
LG