Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Ооганстан: Кундузда кайрадан чабуул жасалды


Кундузда апрель айындагы операцияга тартылган ооган күчтөрү. 29-апрель, 2015-жыл.
Кундузда апрель айындагы операцияга тартылган ооган күчтөрү. 29-апрель, 2015-жыл.

Ооганстандын түндүгүндө коопсуздук күчтөрү "Талибандын" согушкерлерине каршы контрчабуулга даярданууда. Алар өлкөнүн түндүк–чыгышынан бир районду талибдерден тазалашты. Ооганстандын Борбор Азияга тикелей чектешкен аймактарында согушкерлер быйыл апрелден бери активдешүүдө.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги жекшембиде жарыялагандай, алар өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын Юмган районуна көзөмөл орнотту. Эл сейрек отурукташкан бул районду талибдер ушул айдын башында ээлеп алышкан эле.

Бадахшандын полиция башчысынын ырастоосунда районду бошотуу операциясында согушкерлердин жүздөн ашууну жок кылынды же жаракат алышты. Ал эми коопсуздук күчтөрү бир адамын жоготуп, төртөө жаракат алды.

“Биз бул райондо аскерди жетиштүү санда жайгаштырдык, аймакка козголоңчулардан туулган коркунучту биротоло жоготуу үчүн азыр тазалоо операциясы жүрүп жатат”,- деди генерал Бабажан кабарчыларга.

Бадахшандын Юмган районун колдон чыгарганын "Талибан" өзү дагы ырастады.

Ал эми Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында аймактын полиция башчысы Абдул Сабур Насрати “Азаттыктын” ооган кызматына айткандай, өкмөт Чардара районуна кошумча күч жөнөтүп жатат. Ал районду "Талибандын" согушкерлери 20-июнда басып алган:

- Кундуздун өзүндө силер көрүп тургандай абал толугу менен жайында. Ал эми Чардара районуна болсо кошумча күчтөр келип жатат. Биз жакынкы арада аны кайра алабыз. Чабуулга ашыкпаганыбыз биздин планыбыз боюнча жайкын тургундарга жана аскерлерибизге зыян тийгизбөө үчүн операция баскыч-баскыч менен жүрүүсү керек.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, провинция борбору Кундуздун батыш ыптасында жайгашкан Чардара районундагы уруштарда өкмөттүк күчтөр 12 аскерин жоготуп, 15тен ашууну жаракат алган. Талибдердин 15тен ашууну жок кылынып, 20дан ашууну жарадар болду.

Кундузда куралын өткөргөн талибдер. 6-май, 2015-жыл.
Кундузда куралын өткөргөн талибдер. 6-май, 2015-жыл.

“Азаттыктын” Кундуздагы кабарчысы маалымдагандай, провинция борборунан беш чакырымдай батышта жайгашкан Кундуз дарыясы өкмөт көзөмөлдөгөн аймак менен согушкерлерди бөлүп, азыр табигый майдан тилкесине айланып калды. Талибдердин учурда Кундуз шаарынын түндүк-батыш ыптасындагы Гүл Тепе деген аймакта да турумдары бар.

Провинция кеңешинин депутаты Амрион Валих “Азаттыктын” ооган кызматы менен маегинде Кундуздагы соңку чабуул үчүн борбордук өкмөттү күнөөлөдү:

- Эгер өкмөт бул провинция үчүн мурдараак бир нерсе жасаганда, Чардара козголоңчулардын колуна түшпөйт эле. Азыр ооган коопсуздук күчтөрү Чардараны көздөй чабуулга өтө элек. Алар райондон бир-эки чакырымдай алыстыкта турушат. Жаңы күчтөр келүүдө. Расмий өкүлдөр райондон талибдерди сүрүп чыгарын айтып жатышат.

Тажикстандын Хатлон облусу менен чектеш Кундуз провинциясында талибдер акыркы ири чабуулду быйыл апрель айында жасашкан болчу.

Кундуздагы качкындар лагери. 14-май, 2015-жыл.
Кундуздагы качкындар лагери. 14-май, 2015-жыл.

Андагы уруштар бир нече күнгө созулуп, 2000дей согушкердин мизин кайтаруу үчүн Кабулдан кошумча күч келген.

Ооган бийликтери Кундузда чабуул жасаган согушкерлердин арасында борбор азиялыктар көп болгонун, алар Пакистан армиясынын уруулар жашаган аймак - Түндүк Вазирстандагы операцияларынан улам жер которуп келишкенин айтышкан.

Тажикстандын чек ара аскерлигинин башчысы Ражабали Рахмонали өткөн апта соңунда КМШ өлкөлөрүнүн Душанбедеги жыйынында ыкчам маалыматтарга таянып билдиргендей, ооган-тажик чек арасында азыр кеминде 1 жарым миңдей согушкерлер жүрөт.

Тажик президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Шерали Хайруллоев болсо ушул эле жыйында Ооганстандын түндүк, түндүк-чыгышы жана менен түндүк-батышында радикал-экстремисттик топтордун согушкерлеринин быйыл апрелден бери активдешүүсүнүн Борбор Азия өлкөлөрү үчүн таасири бар болгонуна токтолду:

- Согушкерлердин максаты - бийликти күч менен басып алуу жана КМШнын Ооганстан менен 2340 чакырымга созулган түштүк чек арасына түздөн-түз жакын аймактарда бейстабилдүүлүктүн очогун жаратуу. Ооганстандагы кырдаал кандай өнүкпөсүн Борбор Азия өлкөлөрү үчүн катарында бул аймактан чыккан жана КМШнын башка өлкөлөрүнүн жарандары согушуп жүргөн радикал-экстремисттик топтор өзгөчө коркунуч жаратат. Анткени алар өз өлкөлөрүнө кайтып келчү болсо кырдаалды дестабилдештирүүгө таасирин тийгизбей койбойт.

Өткөн айда ЖККУ уюму Тажикстанда ыкчам аракеттенүүчү контингентинин машыгууларын өткөрүп, эгер Ооганстан тараптан коркунуч туулса, Душанбеге саналуу маалда аскерий колдоо көргөзөрүн убада кылган.

Ооганстандын өзүндө болсо коопсуздук операцияларын азыр жергиликтүү күчтөр өздөрү жүргүзүүдө.

Ооган жергесинде АКШ менен НАТОнун 10 миң 800дөй жоокери калган. Алардын быйылкы жылдын башынан берки негизги вазийпасы ооган күчтөрүн машыктыруу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG