Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Жапонияда математиканы билгендер кыйналбайт


Иллюстрация
Иллюстрация

Жапонияга баласын жиберген ата-эне эч нерседен кам санабайт. Себеби студенттер мыкты стипендия алып, жашоосунун бардык жагынан камсыз болот. Бирок ал жактан бекер окуу укугуна ээ болуунун талабы да ошончолук жогору.

Чыгыштагы эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири Жапонияда билим алууну каалагандар көп болгону менен, акысыз программага илингендердин саны бирин-экин гана. Себеби жапондордун билимге койгон талабы өтө күчтүү. Канткенде дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөдөн акысыз билим алса болот?

Жыл сайын жапон бийлиги адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган атайын акысыз билим берүүчү программаларды жарыялайт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Камбоджия сыяктуу өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн мыкты окугандар тандалып алынат.

Программалар башка өлкөлөрдөй эле бир нечеге бөлүнөт. Маселен, илимий изилдөөчүлөр үчүн, магистратура жана студенттерге деп. Эки жылдык жана бир жарым жылдык илимий изилдөөчүлүккө болгон талап тууралуу Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинде иштеген кызматкери Урмат Токтогулов буларды айтты:

- Талаптарына токтолсок, негизи англис же жапон тилдерин билүүсү шарт. Бул эки тилдин бирөөн талапкер жогорку деңгээлде билиши керек. Себеби сынактар аябай кыйын. Жаш өзгөчөлүгүнө кайрылсак, илим изилдөөчүлүккө 35 жашка чейинкилер катыша алышат. Азыркы тапта Кыргызстандан көптөгөн илимий изилдөөчүлөр Жапонияда билим алышууда.

Математика маанилүү

Экинчи баскычта мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн беш жылдык жогорку билим ала турган “Студент” программасы бар. 2014-жылы бул программа боюнча Кыргызстандан бир гана студент Жапонияда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн алган. Ага 17 жаштан 22 жашка чейинки бардык каалоочулар катышып, сынактан өтө алышат.

Үчүнчүсү - үч жылдык кесиптик-техникалык билим бере турган жаңы быйыл ачылган программа. Ага да мектеп бүтүрүүчүлөрү катыша алышат. Негизинен жапон жогорку окуу жайларына же атайын илимий изилдөөчү программаларга катышып, акысыз билим алгысы келген талапкерлердин англис тили боюнча TOEFL баллы 500дөн кем эмес болууга тийиш.

Токтогулов Жапонияда математиканы мыкты билгендер да окуй аларын баса белгиледи:

- Талаптардын дагы бири - жапон ЖОЖдоруна тапшыргысы келгендер математиканы аябай жакшы билиши керек. Бизге тапшырган окуучу, студенттерге ар дайым кеңеш берип келебиз. Математикадан кошумча даярдануусу зарыл. Себеби жапондор математикага аябай көңүл бурат, санариптик тармак аларда аябай өнүккөн да. Мектептин эле программасындагы математиканы билүү жетишсиз.

Жапондордун математика боюнча сынагынан өтүш үчүн атайын мамлекеттик www.studyjapan.go.jp веб сайтынан мурдагы жылдардагы математикадан берилген тестирлөөнүн суроолорун, үлгүлөрүн тапса болот.

Мыкты шарттар, ыраазы ата-энелер

Жапонияда акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кыргызстандык студент үчүн 1500 долларга жакын стипендия берилет. Ал эми аспирант же магистранттар окууга баргандан бир нече ай өткөндөн кийин үй-бүлөсүн чакыртып ала алышат. Жапониядагы стипендия өзүн багуудан ашып, айрым учурда ал жакта окугандар Кыргызстандагы ата-энесине акча салган учурлар да кездешет:

- Негизи Жапонияга барып окуган жаштар абдан ыраазы. Кээде алар каникулга келгенде биздин элчиликке келип учурашып, ыраазычылыгын айтып кетишет. Жапон бийлиги аларды толугу менен каржылап берет. Баскан турганы, тамак-ашы, жатаканасы, ага кошумча жакшы стипендия. Жапонияга балдарын жиберген ата-энелер да эч нерсеге сар-санаа болушпайт.

Жапонияда билим алуунун дагы бир баскычы – мамлекеттик кызматта иштегендер үчүн атайын лидерлик программасы бар. Бир жылдык бул программага англис тилин мыкты билген мамлекеттик структурада иштеген жаштар катыша алышат.

Кененирээк маалыматты Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин веб баракчасынан таба аласыз. Ошондой эле www.studyjapan.go.jp сайты бар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG