Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

УКМК: Бишкектеги терактты ИМ пландаган


Куралдуу топко каршы операция жүргөн жер. 16-июль, 2015-жыл
Куралдуу топко каршы операция жүргөн жер. 16-июль, 2015-жыл

Улуттук коопсуздук комитети Бишкекте террорист деп шектелген топ тууралуу расмий маалымат таратты. Аталган кызматтын билдирүүсүндө куралчандар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экени айтылат.

УКМКнын маалыматында айтылгандай, колго жасалган жардыруучу затты даярдоо үчүн террористтик топ буга чейин 500 килограмм аммиак селитрасын сатып алышкан. Бул үчүн аларга Сириядан ири өлчөмдөгү акча каражаты которулганын УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” маалымдап, куралчан топ борбордогу айт намаз жана Канттагы авиабазада бир учурда жардыруу уюштурмак деп кошумчалады.

- Адам өмүрү кыйылып, кырсык болбошу үчүн алдын ала ошол операциялар өткөрүлдү. Алар айт намазда жардыруу уюштурмак. Ал үчүн жардыруучу затты даярдап жатышкан. Канттагы авиабазада да теракт уюштурууну көздөшкөн.

Коопсуздук комитети азырынча кармалгандардын атын атабай жатат, бирок топтун башында мурда абактан качып чыккан казак жараны Жанбулат Амиров турганы аныкталды. Амиров атайын операция маалында каза болгон төрт кишинин арасында бар. Жалпысынан бардык кармалгандар "Ислам мамлекети" радикал уюмуна ант бергендерден.

Операциядан кийин табылган курал-жарактар
Операциядан кийин табылган курал-жарактар

- Мурун издөөдө жүргөн казак жараны Жанбулат Амиров ошол топтун анабашында турганы такталды. Атайын операциянын жүрүшүндө Амиров жок кылынды, - деди УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов.

Ушул жылдын башында диний эксперт Кадыр Маликов "Ислам мамлекети" тобунун Борбор Азия өлкөлөрүн дестабилдештирүү боюнча каражат жагынан колдоо көрсөтүп жатканын айтып чыккан. ИМ тобунун “Борбор Азия” кыймылы түзүлүп, 70 млн. доллар которулганын маалымдаган эле.

ИМ тобунун максаты кандай экенин Сириядагы, Ливиядагы жана Ирактагы масштабдуу согуш таасын көрсөтүүдө. "Ислам мамлекети" тобунун катарында кыргызстандыктар да согушуп жүрөт. Сириядагы согушка аттангандардын расмий саны 300дөн ашты. Расмий эмес маалыматтар мындан да көп экени айтылат.

Террорго каршы күрөш каражатты талап кылат

Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов да мындан жарым жыл мурун август-сентябрь айларында "Ислам мамлекети" тобу тараптан террористтик актыларды уюштуруу аракети болушу мүмкүндүгүн эскерткен. Кулов өлкө терроризм менен күрөшүүдө атайын кызматтар техникалык жактан аксап жатканын жашырбайт.

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери
"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери

Мындан улам Кулов УКМК жана Ички иштер министрлигине мамлекет жардамды аябашы керек деген оюн айтты.

- Адегенде Түркмөнстандын түштүгүндө башталат деп мен буга чейин эле айткам. Айткандай эле Түркмөнстанда теракттар орун алды. Эми УКМК менен Ички иштер министрлигине жардам бербесек, терроризмге туруштук берүү оор болуп баратат. Мына, көрүп атпайсыңарбы, өнүккөн өлкөлөр да терроризм менен дагы эле күрөшүп келатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын антитеррористтик операциясы учурунда согушчандар байырлаган үйдөн чоң суммадагы акча, жети автомат, беш тапанча жана ири көлөмдөгү жардыруучу граната табылган.

Коопсуздук маселелери боюнча серепчи Талант Разаков "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрүнө туруктуу каршылык көрсөтпөсө, жыйынтыгы өлкөнүн келечегине сокку болорун айтат.

- Эгер бизде терроризм жок деп отура берсек, чыныгы коркунуч ошондо болот. Ошол жакка согушка кетип жатышы – бул жакшы көрүнүш эмес. Алардын бетин ачып, УКМКнын иштеп жаткан аракетин баалаш керек. Терроризм менен күрөш кандай ок атуу, үйлөрдүн өрттөнүүсүнө алып келерин көрдүк, күрөштүн аягы ушундай болот.

16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда террористтерди кармоо операциясы өтүп, УКМКнын төрт жоокери жаракат алып, төрт жоочу өлтүрүлгөн. Учурда кармалгандардын башка дагы шериктештери тууралуу маалыматтар такталууда.

Куралчан топтун мүчөлөрүн кармоо учуру. Бишкек, 16-июль, 2015-жыл.
Белгисиз топтун мүчөлөрү кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00

XS
SM
MD
LG