Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Орусияда “Среда” ММКны колдоо фонду жоюлду


“Чет элдик тыңчынын милдеттерин аткарган" деген уюмдардын катарына киргизилгенден кийин массалык маалымат каражаттарын колдоочу “Среда” коомдук уюму ишин токтотууга аргасыз болду. Мындай чечимди фонддун кеңешинин мүчөлөрү бүгүн кабыл алганын “Интерфакс” маалымат агенттиги таратты.

“Среда” фонду Борис Зимин тарабынан түзүлүп, анын атасы Дмитрий Зиминдин “Династия” фонду тарабынан каржыланчу. Шейшембиде Орусиянын Юстиция министрлиги фондду “чет элдик тыңчы” делген уюмдардын тизмесине киргизген.

Орусиялык билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү максатында ачылган “Династия” фонду да июль айынын башында ушундай эле себеп менен ишин токтоткон. (ErN)

XS
SM
MD
LG