Пакистандын Жогорку Соту бүгүн карапайым адамдарды да өлүм жазасына тартууга укуктуу болгон өлкөдөгү жашыруун аскер сотторун мыйзамдуу деп тапкан токтомун чыгарды.
Аскер соттору "Талибан" кыймылы былтыр декабрда аскер мектебине кол салуудан 150 адам өлгөндөн кийин согушкер деп шектелгендер боюнча соттук териштирүүлөрдү жүргүзө баштаган.
Бирок Пакистанда бир катар юристтер алардын мыйзамдуулугун талашып келген. Аскер Сотунун төрагасы Насир ал-Мулк аскер сотторуна коюлуп келген дооматтардын баарын четке какты. Исламбад өз чечимин жарандык соттор согушкер деп шектелгендерди өлүм жазасына тарткан өкүмдөрдү чыгара албашы мүмкүн деп түшүндүрдү.
Ушул кезге чейин аскер соттору тарабынан согушкерлерге байланышкан жүздөн ашык иш каралган. 27-июнда 27 иш боюнча өкүм чыгарылган болчу. Аскер соту экстремисттер деп шектелгендердин ишин кароого 2017-жылдын февраль айына чейин гана укуктуу. Бул аралыкта Исламабад жарандык сотторду реформалайбыз, ал кезде аскер сотторунун зарылчылыгы жок болуп калат деп ишендирүүдө.