Ооганстандын чыгышындагы полициянын атайын тобунун базасында жанкечти-террорчунун жардыруусунан кеминде үч аскер адамы жана үч жайкын тургун ажал тапты. Логар провинциясынын борбору Пули-Алам шаарындагы бул жардырдуудан дагы бир канча киши жаракат алган.
Логардын губернатору Алим Фидайи чабуул анча чоң эмес жүк ташыгыч унаа менен жасалганын айтты: "Жардыруунун күчүн ушундан билиңиз, бир чакырым радиус аралыктагы имараттардын айнектери да күбүлүп калды", -деди губернатор.
Чабуул үчүн "Талибан" кыймылы жоопкерчилик алганы кабарланды.
Пули-Аламдагы оорукана дарыгери окуя болгон аймактан 13 адам ооруканага түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, жардыруу болгон жерден 200 метр аралыкта турган оорукананын 11 кызматкери да жаракат алган.