Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

“Кыргызтест” системасы даяр


Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу "Кыргызтест" системасы ишке кирүүгө даяр экендигин Билим берүү министрлиги жарыялады.

Эми электрондук тестирлөө аркылуу тил билүү деңгээлин ар бир жаран, анын ичинде аткаминерлер менен саясатчылар дагы өз каалоосу боюнча текшере алышат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү улуттук программасында "Кыргызтест" системасынан милдеттүү өтүү каралган.

Бир жылдай адистердин сынынан өткөн "Кыргызтест" системасы өзүн- өзү баалоо баракчасын толтуруу аркылуу кыргыз тилин билүү деңгээлдерин аныктайт. Анын жыйынтыгына карап компьютердик тест тапшырылат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин канчалык билери “а”, “b”, “с” деңгээлдери менен аныкталат. Ушу тапта китептер басылып чыгып, жакынкы аралыкта интернетке электрондук версиясы жарыяланарын улуттук тест жүргүзүү борборунун жетекчиси Батма Топоева билдирди.

- Негизги жаңылыгыбыз - өзүн-өзү баалоо усулдарын мурун кагаз түрүндө берип келсек, эми биз электрондук түрүндө сунуштап жатабыз. Алты миллион электрондук сөздөн турган тексттерди топтодук. Алар бир сыйра текшерилген соң беш миллиону калды. Ошол сөздөр канчалык жыш колдонулду - алардын статистикасы чыкты.

"Кыргызтест" лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат. Улуттук тест жүргүзүү борборунун мүчөсү Абдылдажан Акматалиев тапшырмалардын ар бири так аткарылыш керектигин белгилейт.

- Жогорку кызматта отургандар үчүн талап катуу болуш керек деп ойлойм. Кыргызча билет, сүйлөйт деп өткөрүп коюшу мүмкүн. Менимче, көбү жазганды билбейт. Мисалы, ошол эле президент жогоруда көрсөтүлгөн пункттарды мыкты билиш керек. Ошондуктан милдеттүү түрдө жазганы да, окуганы да, сүйлөгөнү да эркин болуш керек деп атабыз.

Анткен менен Чыгыш университетинин ректору Асан Ормушев 25 жылдан бери тил саясатын ишке ашыруу боюнча программалардын кабыл алынуусу жаңылык деле эмес деген ойдо. Тескерисинче, аларды ишке ашыруу механизмдеринин белгиленбей келиши, көзөмөлдүн жоктугу аракетти артта тартып келген.

Асан Ормушевдин айтуусунда, ушундай катачылыктан улам, жаңыдан түзүлгөн “Кыргызтестке” жумшалган мээнет да текке кетпеши керек.

- Өкмөттө отурган жетекчилердин шалаакылыгынын айынан мына ушул багыттагы иштерден жыйынтык чыкпай жатат. Мисалы, эртеңки күнү мамлекеттик кызматкер болчу азыр окуу жайда билим алып жаткан студенттин деңгээли мени абдан капалантат. Андан да 2018-жылдан баштап Ак үйдө отурчу кызматкер эне тилинде элге маалымат бере калат деген ишеним деле аз.

Белгилей кетсек, былтыр мамлекеттик тилди 2014 - 2020-жылдары өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы кабыл алынып, аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 400 миллион сом бөлүү каралган.

Жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган "Кыргызтест" системасы күздөн баштап мекемелер аралык биртоп жерлерде ишке ашырылуусу белгиленген. Анда мамлекеттик кызматты ээлегендер кыргыз тили боюнча тесттен өтө башташат. Ал эми "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам сакталбаган убакта, жыл ичинде мыйзам бузуу кайталана берсе жеке адамдарга 5 миңден 10 миң сомго чейин жана укуктук жактарга 20 миңден 50 миң сомго чейин айып салуу каралган.

XS
SM
MD
LG