Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

ӨКМ: Тажикстанга гуманитардык жардам жөнөтүлөт


25 жүк ташуучу унаадан турган колонна бүгүн Тажикстанга гуманитардык жүк менен жөнөйт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Коргоо министрлигинин унааларында 3,3 млн. сомго эсептелган курулуш материалдар, жылуу кийимдер жана азык-түлүк жүктөлдү.

ӨКМ кабарлагандай, унаалар Ош – Гүлчө – Сары-Таш – Кызыл-Арт – Кара-Көл – Мургаб – Жыланды маршруту менен жүрмөкөкчү. Гуманитардык колоннаны министрликтин ыкчам башкармалыгынын башчысы Замир Жумагазиев жетектейт.

Тажикстан менен Кыргызстан чектешкен Памирдин Мургаб, Шугнан райондорунда аба ырайынын кескин ысышынан улам дарыялар нугунан чыгып, сел жүргөнө байланыштуу 7-августта кыргыз өкмөтү гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча тескеме чыгарган. (SDz)

XS
SM
MD
LG