Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Шайлоо батышчыл-орусиячылдарды "баш коштурду"


Сүрөт Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Кремлчил багыттагы “Ар-намыс” партиясы парламенттик шайлоого бирге баруу үчүн батышчыл көз караштагы саясатчылар тобун катарына кабыл алды.

Кыргызстандын саясат айдыңында күтүүсүз жүрүштөр орун алууда. Идеологиялык карама-каршылыктарга карабастан, эки башка көз караштагы саясатчылардын биригүүсүн саясат талдоочулар сейрек кездешүүчү көрүнүш катары баалашууда.

Кыргызстанда мамлекеттин тышкы саясаты боюнча карама-каршы көз караштагы саясатчылар бир партияга чогулуп, алдыдагы парламенттик шайлоого бирге бармай болушту. Жогорку Кеңештин көз карандысыз депутаттары Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбеков жана коомдук ишмер Кубатбек Байболов Феликс Кулов жетектеген “Ар-намыс” партиясына киришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков “Ар-намыс” партиясына кирүүнүн себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Биз бүгүнтөн баштап “Ар-намыс” партиясынын мүчөсү болобуз, алдыда мына ушул партиянын жүгүн жана келечегин чогуу тартабыз деп чечтик. Бүгүнкү биздин биригүүбүздүн себеби буга чейинки оор учурларда бирге болгон тарыхыбыз. Бири-бирибизге мамилебиз дайыма түз болуп келген.

Идеологиялык карама-каршылык

Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов жана Кубатбек Байболов 2006-жылдан тарта ошондогу Бакиев бийлигине каршы оппозицияда жүрүшкөн.

Орус премьери Дмитрий Медведев менен. Убагында “Ар-намысты” Жогорку Кеңешке Орусия сүрөп жеткиргени узун сөзгө алынган.
Орус премьери Дмитрий Медведев менен. Убагында “Ар-намысты” Жогорку Кеңешке Орусия сүрөп жеткиргени узун сөзгө алынган.

Кийин оппозиция куугунтукка кабылганда жеке коопсуздугуна байланыштуу АКШга чыгып кетишкен.

2010-жылдан кийин өлкөгө кайтып келген бул үч үлкөн саясатчы коомчулукка Батыш баалуулуктарын карманган саясий топ катары белгилүү. Бул саясатчылар АКШнын аскер-аба базасын Кыргызстандан чыгарууга каршы болуп келишкен.

Ошондой эле жогорудагы эки депутат парламентте Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кошулуу келишимине каршы добуш беришкен. Ал эми Феликс Кулов жетектеген “Ар-намыс” партиясы тескерисинче бул демилгелердин башында туруп, орусиячыл багытты карманышы менен белгилүү. Саясат талдоочулар “Ар-намыс” партиясы 2010-жылкы парламенттик шайлоодо Кремлдин эбегейсиз колдоосу менен алдыга чыкканын белгилешкен болчу.

Феликс Кулов бул жолу батышчыл саясатчылардын партияга кириши сырткы колдоого таасир этпейт дейт:

- Бизди мына ошондо ар бир өлкө колдоду. Эмне үчүн? Анткени мен кезинде вице-президент жана өкмөт башчысы болуп туруп, башка мамлекеттердин башчылары менен жакшы мамилем бар. Ошондуктан бизге чоң моралдык колдоо болгон. Азыр дагы ошондой колдоо болот, буюрса. Эмне үчүн колдоо болот? Анткени биз эч кимге каршы чыкпайбыз. Биз бардыгы менен жакшы мамиледе болуунун жактоочусубуз.

Тең салмактуулукпу же аргасыздыкпы?

Учурунда “Ар-намыстын” Кремлдин колдоосу менен жеңишти камсыз кылганы Равшан Жээнбеков сыяктуу батышчыл көз караштагы саясатчылардын сынына кабылган. Эми ошол саясатчылардын карама-каршы көз караштары алардын биригүүсүнө тоскоол болгон жок. Коомдук ишмер Кубатбек Байболов бул биригүүнү тышкы саясатты тең салмактоонун саясаты катары мүнөздөдү:

Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

- Эки башка идеяны кошуп туруп, кайра аралаштырабыз да. Мына ошондо чыныгы кыргызчыл партия чыгат. Эми бизге бир эле Кремл эмес, башкалары дагы жардам беришет.

Анткен менен саясат талдоочулар батышчыл саясий топтун ал орусиячыл партияга кошулушун парламенттик шайлоонун алдындагы күчтү бириктирүүгө болгон зарылдык катары сыпатташууда.

Саясат талдоочу Адил Турдукулов аны мындайча мүнөздөдү:

- Эки тараптын идеологиясы таптакыр эки башка. Бул жерде парламенттик шайлоого бирге барып, жеңишти камсыздоо максаты турат. Буга бир мисал, Кулов биздин аскерлер ЖККУнун алкагында тышкы күчтөргө каршы бирге күрөшөт, дегенде Абдырахманов титиреп кетпедиби. Анткени буга ал кошулбайт. Ошондуктан бул шайлоого бирге баруу үчүн болгон саясий жүрүш.

Буга чейин “Ар-намыс” партиясынан шайланган бир катар депутаттар андан чыгып кеткени белгилүү. Мына ошондуктан саясат талдоочулар партия лидери Кулов ал жоготуулардын ордун кандай гана болбосун толуктоого мажбур экенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG