Боомдогу таш түшкөн жер бийиктиктен
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Боом капчыгайында жолго кулап түшкөн шагыл толугу менен тазаланганын билдирди. Ушул тушта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Унаа жана байланыш министрлигинин адистери акыркы тазалоо жумуштарын жүргүзүп жатат. 12-августта Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымына тоодон топурак аралаш таш түшүп, кара жолду бууп калган. (Тасма Денис Яременконуку)