Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Экстремисттик топторго азгырылган аялдар


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда экстремисттик кылмыштарга аралашып кармалгандардын ар бир төртүнчүсү аял. Кыз-келиндерди радикал уюмдарга тартуу аракети жылдан жылга күчөй баштады.

Бул тууралуу Бишкекте өткөн Борбор Азиядагы мусулман аялдардын эл аралык форумунда айтылды. Форумга Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан чогулган аялдардын диний уюмдарынын лидерлери чогулган, жыйында экстремизм менен терроризмдин жайылышында аялдардын ролу жана көйгөйдү азайтуунун жолдору талкууланууда.

Кызыл-Кыядан келген Ранонун 16 жаштагы кызы Сирияга кеткен. Апасы анын кантип документтерди даярдап, кимдер аркылуу кеткенин да билбей калган.

- Мен түшүнбөй калдым, интернеттен көрдүбү, башкадан көрдүбү билбейм. Бир күнү эле жоголуп кетти, милицияга да кайрылган жокпуз. Эс алып жүрөт деп ойлодук. Анан эле “акыретте көрүшөбүз” деп кат жазып кетиптир.

Укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, Ранонун кызына окшоп радикал уюмдардын кылтагына илингендер, өз кадамын билип да, билбей да экстремисттик топторго кошулуп калган кыз-келиндердин саны азайбай жатат.

Сириядагы согушка барган келин. 2014-жыл
Сириядагы согушка барган келин. 2014-жыл

Терроризмге каршы күрөшүү борбору экстремисттик кылмыштарга аралашкандардын ар бир төртүнчүсү аял экенин аныктап чыккан. Үйдүн куту, тынчтыктын символу эсептелген аялзатынын мындай ишке аралашуусу опуртал көрүнүш катары каралууда. Борбор Азиядагы мусулман аялдардын Бишкектеги эл аралык форумунда Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү, дин ишмери Зафара Худжаева көйгөйдүн алдын алууга караганда анын кесепети менен күрөшүүгө көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

- Тилекке каршы, Тажикстанда да соңку убакта жаштарды, аялдарды "Ислам мамлекети" жана башка радикал уюмдардын катарына тартуу күч алды. Биздин эле эмес, башка кошуна өлкө бийликтеринин аракетине карабай, ИМге азгыруу токтолгон жок. Ошондуктан алдыналуу жолун ар бир үй-бүлөдөн, аялдан баштоо керек. Анткени, үй-бүлө коомдун күрөө тамыры, балким радикализм үй-бүлөдө башталып жаткандыр. Аялдарды экстремисттик топторго аралаштырган негизги жагдай - материалдык жана моралдык жакырчылык болууда. Эгер адам диний жактан сабатсыз, билими тайкы болсо бир нерсеге тез берилет.

Ал эми Казакстанда элге диний кеп-кеңеш берчү ишеним телефону иштейт. Андан каалоочулар күмөндүү жана арсар жагдайларга түшүндүрмө алса болот. Эксперт адистерден турган интернет ресурстар түзүлүүдө. Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин өкүлү Айнур Абдирасул кызы радикализм саясий проблемага айланып калды деген пикирде.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ынансак, канды булоон согуш жүрүп жаткан аймакка айрым эркектер өз жубайларын кошо ээрчите кеткен учурлар да кезигет. Алардын көбү күйөөсү каза болсо колдон-колго өтүп же утурумдук никеге туш келип, кордолорун адистер белгилеп келатышат.

Жамал Фронтбек кызы
Жамал Фронтбек кызы

“Мутакаллим” уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы бул багытта мыйзамдарды катаалдатып, айрым уюмдарга тыюу салууга мезгил келди деп эсептейт:

- Мыйзамдар өтө лоялдуу болуп, мамлекет анча-мынча уюмдарга көз жуумп коюп жатабыз. Кээ бир уюмдарга бошураак мамиле жасайбыз. Мамлекеттин келечеги, коопсуздугу үчүн кээ бир уюмдарга тыюу салуу керек. Экстремисттик уюмдарга аялдар билип, сезип эле кирсе кээ бири алданып атат. Азыр фанаттар да көбөйдү. Интернеттен таанышып, согуш болуп жаткан жактарга кеткендер болууда. Алар кыз-келиндерди азгырып, согушка кел дебейт да, Түркия же башка өлкөлөргө деп айтышат.

Бишкектеги форумду “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” (Search for common ground) эл аралык уюму менен “Мутакаллим” коомдук бирикмеси бирге өткөрүүдө. Аталган уюмдун координатору Кеңешбек Сайназаров кыз-келиндердин радикалдашуусунун себептерин атады:

- Мунун социалдык себептери бар. Биринчиден, маалыматтын жоктугу, ал жакка барганда кыз-келиндерди эмне күтүп жатканын билбегендиги. Экинчиден, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук менен да байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени, айрым аялдар чечим кабыл алып жатканда өз чөйрөсүндөгү адамдардын таасиринде калат. Андай шартта жолдошуна каршы пикир айта албай калган учурлар болот.

Соңку кездери Сирия жана Ирактагы террордук топтордун катарына Борбор Азиядан барган аялдар кошулуп жатканы тууралуу маалыматтар көбөйдү. “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюму Борбор Азиядагы мусулман аялдардын тармагын түзүүнү пландоодо. Ошондой эле Кыргызстанда Жаза аткаруу кызматынын алдында ишеним телефону да ачылмакчы.

XS
SM
MD
LG