Саясатчынын жумушу бул дайыма эле саммит же жыйындарга катышып, столдон жылбай отуруу эмес. Кээде дүйнөлүк лидерлер да тер төгүп, кара жумуш кылышат.
Көчөт тигип, картошка терген лидерлер
1
Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын өз өлкөсүндөгү фермалардын бирине барып, алма тергендер менен таанышкан.
2
Беларус президенти Александр Лукашенко август айында кичүү уулу менен 1,5 саат ичинде 70 килограмм картошка жыйнаган. Түшүм карылар жана балдар үйлөрүнө берилери кабарланган.
3
Казак президенти Нурсултан Назарбаев 2009-жылы Индияга барганда достуктун белгиси катары сандал дарагынын көчөтүн отургузган.
4
Орусиянын президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн балык чарбасына жардам берүүдө.
5
АКШ президенти Барак Обама өз колу менен тамак бышырууда.
6
Жапон премьер-министри Шинзо Абе фермерлерге күрүч жыйноого жардам берип жүргөн кези.
7
ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский орусиялыктарды ата мекендик өндүрүштү колдоого чакырып келет. "Орусия импортсуз жоголбойт" акциясында жергиликтүүлөр туздаган помидорду кармап турат.
8
Польшанын мурдагы президенти Лех Валенса Француз революциясынын урматына көчөт отургузууда.
9
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өндүрүш ичинде.
10
Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон өндүрүш вентиляторунун буроосун бекитүүдө.