Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Чек ара: бажы алынды, текшерүү уланууда


Кыргыз-казак чек арасы 12-августта расмий ачылган.
Кыргыз-казак чек арасы 12-августта расмий ачылган.

Кыргызстандык ишкерлер казакстандык чек арачылар товар ташып жаткандардан акча алып, кыргыз бийликтери буга көз жумуп жатканына нааразы. Өлкө ЕАЭБ курамына киргени менен чек арадагы абал жеңилдеп кеткен жок.

Бул өз кезегинде курамына Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения кирген уюмга болгон ишкерлердин ишенимин жоготууда.​

“Дордой” соода комплексиндеги кесиптик кошуундун төрайымы Дамира Дөөлөталиеванын маалымдашынча, Кыргызстан Евразия экономикалык биирмдигине кошулуп, чек ара ачылганы менен кырдаал эч өзгөргөн жок. Тактап айтканда, мурункудай эле унаалар токтотулуп, чек арачылардын “колуна акча карматып” товар өткөрүү уланууда. Ишкерлер Казакстандын аймагына төлөп жаткан акчалар эмне үчүн алынып жатканын түшүнбөйт. Алар орто жолдон чыккан талап-тоноону өкмөт өзү кийлигишип токтопосо, болбой калганын айтууда

- Өз көзүбүз менен деле көрүп жүрөбүз го. Өзүнчө бир “бандиттер” тобу бар. Бир канча айдан бери кармалып жаткан товарың болсо, келип "кызматын" сунуштайт. Анан кезекте турат деген шылтоо бир заматтын ортосунда жок болот да, чечилип калат. Эми тариф да көтөрүлөт деп бизди дүрбөтүштү. Айрым ишкерлер угушкан экен "1 тонна товарың болсо, эми 2,5 миң доллар алынат" деп. Эми анан премьер-министрге кайрылдык.​

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар бирикмесинин башчысы Сергей Пономарев экспорттолчу жашылча-жемиш, эт жана сүт азыктарында көйгөйлүү маселе жок экенин, көбүнчө эл керектөөчү товарлар боюнча кыйынчылыктар жаралып жатканын билдирди:

- Бир жагынан бажы тарифтеринин жогорулашы дагы маселе жаратып жатат. Бул маселе аягына чейин жакшы иштелип чыкпай койду. Ушундан улам ишкерлер кайсы товар канча кымбаттаганын билбей, маалымат жетишсиз болууда.​

Кыргызстандык бизнес-ассоциация өкүлдөрүнүн дооматтарын уккан экономика министри Олег Панкратов чек арадагы жагдай, тескеринче, кыйла жеңилдеп калды деген пикирде.

Ал товар алып өтүүдө ишкерлердин кыйынчылыктарга кабылып жатканы туурасында Казакстанга билдирүү жиберилгенин айтып тим болду.

- Мен дагы бир жолу кайталайм. Кыргыз-казак чек арасынан кандай гана товар алынып кирбесин же чыгарылбасын, эч кандай акча төлөнбөшү керек. Бирок коңшу өлкөнүн аймагынан кезекте турган товарларга акча алынып жатканын биз да аныктап чыкканбыз. Азыр биз Казакстанга кайрылып, эртерээк чара көрүүсүн өтүндүк. Эгер эч кандай жооп кайтарылбаса, Тышкы иштер министрлиги аркылуу катуу талап коюууга өтөбүз.

Чек арада ветеринардык көзөмөл да күчөдү. Башында каттоодон өтпөгөн продукцияны чыгарууну чектөө жана аткезчиликтин алдын алуу максатында түзүлгөн орган бүгүн да иш алып барууда жана азырынча товар ташуучуларга тоскоол кылгандан башка пайдалуу иш жасай элек дешет ишкерлер.

Бул маселе качан чечилери белгисиз. Айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев чек арадагы санитардык-карантин жана фитосанитардык көзөмөл 30 күндүн аралыгында жөнөкөйлөшөрүн айтып, ветеринардык текшерүү жакын арада алынбасын ырастады:

- Бирок мурдагыдай катуу көзөмөл болбогону менен, ветеринардык көзөмөл сакталып турат. Тактап айтканда, 2016-жылдын 1-январына чейин алынбайт. Анткени чек арадан зыяндуу заттарды өткөрбөө керек. Бүгүнкү күндө биз идентификацияга даярданып жатабыз. Вакцинация алуу 100% аткарылбаса, көзөмөл алынбайт.

Кыргызстан ЕАЭБге 12-августта толук мүчө болгон. Өкмөт уюмга мүчө болгондон кийин кыргыз жарандары Казакстанга тоскоолдуксуз каттап, товарларын ээн-эркин өткөрөт деп убада кылып келген. Бирок ал убадалар азырынча турмушка ашып кете элек.

XS
SM
MD
LG