Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

ЕАЭБ: “Ак-жолдогу” тыгын азабы


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргызстан ЕАЭБге толук киргенине карабай, кыргыз-казак чегиндеги “Ак-жол” өткөрмө жайында унаалардын жана жүргүнчүлөрдүн узун кезеги кыскарган жок.

Биз барган учурда 500гө чамалуу жаран Казакстанга өтө албай кезекте турган экен. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, казак тарап бажы тосмосун албай, текшерүүнү мурдагыдан да катаалдаткан. Тыгында тургандардын арасында товар ташыгандар да, жүгү жок каттагандар да бар.

73 жаштагы казак жараны Кайдар Тескенбаев бажы бекети жоюлду дегени менен чек арадан өтүү машакаты тескерисинче татаалдашканын айтууда.

- Кечээ телевизордон эки тарапка ээн-экин жүрөсүңөр, тоскоолдук болбойт дешкен. Бүгүн болсо баары тескери. Сөз жүзүндө баары жакшы, иши жүзүндө тозок. Кыргыз чек арачылары акча бергендерди гана өткөрүп жатат. Мындан көрө мурда тартип бар болчу. Топурак салганы шашып бараткам. Кезек күткөнүмө үч саат болду.

Бажычы кетсе, чек арачы бар

Анткен менен “Ак-жол” көзөмөл-өткөрмө жайынын башчысы Акылбек Асанкулов чек арачылар акча алып жатат деген дооматты жокко чыгарды.

Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Бирок ал чек арадагы узун кезек казак тараптын айынан экенин жашырган жок. Айтымы, алар бажы тосмосун дароо алган эмес.

- Бизде бажы көзөмөлү алынган. Бирок паспорт текшерүү мурдагыдай эле жүрүп жатат. Болгону чек ара кызматы бажычылардын ордуна эки жакка өткөн товарларды текшерип, талон толтуртат. Товар ээси белгилүү убакыт ичинде салык төлөйт. Ал эми казак тарап бажы бекетин эми гана алат деген маалымат келди.

ЕАЭБ: “Ак-жолдо” дале тыгын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

Чынында эле казак тараптан Кыргызстанга каттагандардан кезек күткөндөрүн көрө алган жокпуз.

Казакстанга кийим-кече жана башка товар ташып иштеген “толкачтар” да коңшу өлкөнүн текшерүүсү күчөгөнүн айтышты. Алардын маалыматында мурда бажы кызматы акча талап кылса, эми ал “ролду” чек ара кызматы аткарууда.

Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Төрт жылдан бери жүк ташып иштеген Замир Секеев буларды айтты.

- Бажынын ордуна чек арачылар келди. Өзгөргөн нерсе эле ушул болбосо баары эле мурдагыдай. Чек арачылар ар бир баштык үчүн 500дөн 2 миң тенгеге чейин акча сурап жатышат. Бул жакта мурда жүздөгөн адамдар иштечү. Азыр чек арадан товар өтпөй жумуш жок. Баары эле кытай товарларын Казакстанга ташып жан багышчу.

Чек арадагы тыгын эки жумада жөндөлөт...

Ал арада өкмөт Казакстан чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча экономика министри Олег Панкратовду баш кылып атайын жумушчу топ түздү. Премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов казак тарап да бажы тосмосун алганын, чек арадагы айрым көйгөйлөр эки жума аралыгында чечилерин айтууда.

- Жумушчу топ чек ара пункттарындагы көйгөйлөр менен жеринен таанышат. Эгер маселе болсо оперативдүү түрдө чечүү жолдорун карашат. Өзүңөр билгендей бажы тосмолору кечээ гана алынды. Андыктан бекеттин ачылышын күткөн унаалар, жүргүнчүлөр көп болору мурдатан эле белгилүү болчу.

Кыргызстан ЕАЭБге 12-августта толук мүчө болду. Өкмөт уюмга мүчө болгондон кийин кыргыз жарандары Казакстанга тоскоолдуксуз каттап, товарларын ээн-эркин өткөрөт деп убада кылып келген.

XS
SM
MD
LG