Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Шайлоо алдында көзү ачыктардын күнү тууду


Шайлоо өнөктүгү күч алганда көзү ачыктар менен бүбү-бакшылардын күнү тууйт. Мындай “сырдуу касиети барлардын” кызматынан байма-бай пайдаланган талапкерлер арбын, алардын бир топ акчасы көзү ачыктарга коройт. Көзү ачыктар кызматы үчүн 1000 доллардан кем алышпайт. Эксперттер бүбү-бакшылардын кызматы шайлоо технологиясынын бир бөлүгүнө айланганын айтышууда.

1990-жылдан бери көзү ачылып, табыптык кылган Майрамкан Осмонованын айтуусунда, соңку бир ай ичинде шайлоого байланыштуу кеп-кеңеш сурап кайрылган саясатчылар арбыды. Ошол эле маалда бир нече жылдан бери төлгө тартып, болочогун аныктап берген кардарларынын атын атоодон баш тартты.

- Жок, айланайын, айта албайм. Ошол нерсе менен нан таап жеп атам да. Эми алар көбүнчө кайрылганда шайлоо маалында “ушундай талапкерлигиме көп суммада акча салып атам, пландаган жумуш ишке ашабы? Шайлоодогу утушка канчалык кепилдик бересиз",- деген суроолор менен келишет. Эми төлгө сүйлөп берет, ошого жараша айтып беребиз.

Клара Манас кызы дээрлик он жылдан бери саналуу жеке ишкерлер менен айрым бир жогорку кызматтагы “чоңдорго” төлгө тартып, кеп-кеңешин берип жүргөнүн жашырбайт. Шайлоо өнөктүгү башталгандан тарта ага кайрылгандар да арбыды, ошол эле маалда төлгөсү көпчүлүк маалда төп келерин кошумчалай кетти.

- Ушу кезге чейин ката айтсам мага эмдигиче бирөө да келмек эмес. Канча жылдан бери кызматтан көтөрүлөрүн, бизнеси кандай жүрүшөрүн айтып келатам. Колуман келген жардамымды аябайм, айткан кеңештерим боюнча иш жасашат. Учурда да иш чачтан көп. Алар жардам сураганынан кошо кызматташып жатам. Бирок конкреттүү эмнелер боюнча экенин айта албайм. Баары тең Алланын шарапаты менен айтылат.

Бийликтегилердин эбактан бери эле көзү ачык, төлгөчүлөрдүн кызматынан пайдаланып жүрүшкөнүн жарандык активист Гүлжигит Исаков ырастайт.

- Илгертен бери эле төбөсү көрүнгөн адамдардын көзү ачыктарга барышын баарыбыз эле билсек керек. Шайлоо башталса ал турган иш да. Бирок, менимче, өзүнө ишенген саясатчы эч качан андай күчтөргө барып кайрылмак эмес. Демек, жасаган ишинде бир мандем болгону үчүн, өз күчүнө ишенбегендер гана айласы жок ошолордун “эшигин каккылайт” болушу керек.

Бийликтин бийик сересинде отурган саясатчылар атаандаштарына каршы бүбү-бакшылардын кызматын колдонуп жүргөнүн тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаевдин да уккан жайы бар. Ал да атаандаштар шайлоо маалында талапкерге же партияга чейин кара дуба окутканга чейин барарын уккан.

- Эми өзүм барган эмесмин. Бирок артыман келип айтчу сөзүм бар деген бүбү-бакшылар таарынбасын деп кээде пикирин угуп калганбыз. Бирок мен такыр ишенбейм андайларга. Бирок укканым бар эле арасында кээде оппоненттердин жолун бууп, каргатып-шилеткен учурлар болорун.

Шайлоого аттанган партия лидерлеринин айрымдарына кайрылганыбызда алар өмүрү бүбү-бакшыга күнү түшпөгөнүн бир ооздон ырасташат:

- Биринчиден, бүт нерсе Кудайдын колунда. Мен жеке эч кандай көзү ачыкка ишенбейм да, анан бир да жолу адай адамдарга барган эмесмин. Ишенбейм да. Аларга кайрылалы деген түшүнүк да жок, – дейт "Бир Бол" партиясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов.

Ислам аалымдары көзү ачыктык менен бүбү-бакшылык, эмчи-домчулукка дин тыюу саларын эскертишет. Саясат талдоочулар шайлоо өнөктүгү кызыган сайын көзү ачыктардын жоромолдору көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан көрүнүшкө айланарын белгилешет.

XS
SM
MD
LG