Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

БШКнын ар бир жылчыкты бүтөө аракети


Добуш берүү. 2012-жыл
Добуш берүү. 2012-жыл

Парламенттик шайлоодо жарандар добуш берүү учурунда ала келген калем, телефондун камерасы жана башка тартуучу аппараттарды колдонууга тыюу салынат.

Партиялардын добуш сатып алуудагы ар түрдүү амалдары, Борбордук шайлоо комиссиясын ар бир жылчыкты бүтөөгө аргасыз кылууда. Шайлоодо кайсы партияга добуш бергениңди телефондун фото-камерасына тартсаң, ошол партия тыйын берет экен деген күбүр-шыбыр кептер, шайлоо коммиссиясы менен өкмөттү тезирээк чара көрүүгө түрттү.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кайсы бир партия жарандардын добушун билүү үчүн, камерасы бар калемсаптарды өлкөгө алып келген фактылар бар экенин “Азаттыкка” билдирди. Сарпашев шайлоо жакындаганда бул партиянын атын атай турганын, эми жарандардын добуш берүү процессин телефонго тартууга бөгөт коюларын айтты. Кабыл алган чечимге ылайык, шайлоочулардын жеке калемсабы менен дагы добуш берүүгө тыюу салынып, жарандарга БШКнын маркери берилет.

Добуш саноо процесси. 2010-жыл
Добуш саноо процесси. 2010-жыл

- Партиялар элге акча тараптып, добуш бергиле деп алардын убадасын алып, "бизге добуш бербесең, билип алабыз" деп коркутуп жатышат. Эч кимди биле албайт кандай жол менен добуш бергенин. Шайлоо күнү өзүңдүн ручкаң менен кирбейсиң, ал жакта атайын маркер болот ошону гана колдоносуң. Муну атайын сатып келдик. Экинчиден, фотоаппарат, видеокамера, телефонду дагы колдонгонго болбойт, бардыгына тыюу салынды. Дагы эле уурулук жолун издеп жаткан партиялардын бир эле жолу калды – элдин ишенимине ээ болушу керек.

БШКнын жаңы токтому өлкөдөгү бардык шайлоо участкаларына жиберилди. Натыйжада жер-жерлердеги участкалар жаңы милдеттин жүктөлүшүнөн шайлоочулар менен пикир келишпестиктер болот деп кооптонуп турганын жашырбайт.

Ош шаардык №5277 шайлоо участкасынын төрагасы Жанболот Мазаев шайлоочулардын кол телефону жана башка аппараттарын иштетүүгө тыюу салуу учурунда чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн деп чочулайт.

- Шайлоо участкасынын ичинде фото, видео, аудио жаздыруулар жок болот. Бизге ушундай токтом БШКдан келди. Бирок участкага шайлоочулар кирип келатканда комиссиялар шайлоочулардын телефондору бар-жогун текшере албайт. Эгерде добуш берип атып телефон колдонсо, чатак чыгышы мүмкүн болуп турат, себеби токтом боюнча биз аларга жол бербешибиз керек.

Добуш берүү
Добуш берүү

“Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекова мыйзамда жарандардын өздүк буюму менен шайлоого катышпайт деген норма жок экенин айтууда. Бирок БШК өзүнүн ички токтому менен шайлоо процессиндеги каралбай калган учурларды толуктай берсе болот деди. Ошентсе да Усупбекова шайлоочулардын телефонун добуш берүү учурунда таптакыр алып коюу мүмкүн эмес дейт.

- Телефонун же башка аппаратын добушканага кирип келатканда эле ала алышпайт. Бул ар бир жарандын материалдык баалуулугу. Телефонду алып коюу үчүн, бүтүндөй система керек. Анда ал каттоодон өтүп, аны атайын текчеде кайтарып турган адам керек болот. Балким телефон жоголуп кетсечи? Мунун баарын эсептегенде алып коюуга укугу жок. Бирок байкоочулар телефонду колдонбосун карап турушу керек, кабиналар ачык болуп жатпайбы, кайсы бир шайлоочу телефонду же башка буюмун колдонуп добуш берип атса, ал бюллетень жокко чыгышы керек. Себеби, добуш берүүнүн купуялуулугу бузулуп жатат.

Боршайком жарандарга кайрылып, добуш берүүнүн купуялуулугу сакталат деп ишендирүүдө. Аны менен чогуу шайлоо учурунда бардык учурлар байкоочулардын көзөмөлүндө болуп, тартип бузуулардын бардыгына өз маалында тийиштүү чара көрүлөрүн айтышат.

XS
SM
MD
LG