Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Тажикстанда “ИМ” тобунун желегин орнотту делген адам кармалды


Тажикстандын Куляб шаарында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желегин орнотту деп шектелген адам кармалды. Ал өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мурдагы мүчөсү Махмадали Исломов болуп чыкты. Кулябдын коопсуздук кызматкерлери аны эки апта мурда колго түшүрүшкөн.

Махмадали Исломов сентябрдын башында шаардын башкы дарбазасынын чокусуна “ИМ” тобунун желегин орноткон деп шектелүүдө.

Исломов Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынан ушул жылдын жай айларында чыгып кетип, жергиликтүү мечиттердин биринде имам болуп иштеп жаткан. Кармалган учурда 8 кишиден турган үй-бүлөсүн багыш үчүн таксичилик кылып жүргөн.

Ушул жылдын август айында белгисиз бирөөлөр Шахриттуск районунун борборундагы Исмоил Сомонинин эстелигине “ИМ” тобунун желегине окшош кара кездеме илип кетишкен. Ошол эле айда Тажикстандын күч органдары Нурек шаарынын он тургунун экстремисттик топтун идеологиясын үгүттөп жатат, деп камакка алган.

XS
SM
MD
LG