Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

АКШ: Дин эркиндиги Украина менен Тажикстанда да чектелүүдө


Америка Кошмо Штаттары диний эркиндик Жакынкы Чыгыш, Азия жана Африка өлкөлөрүндө, Украинанын орусиячыл жикчилдери көзөмөлдөп турган аймактарда да чектелип жатканын ырастады.

АКШ Мамлекеттик департаментинин 2014-жылдагы дин эркиндиги боюнча баяндамасында Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети”, “Аль-Нусра фронту” экстремисттик топтору массалык кыргындарды уюштуруп, адамдарды уурдап, кулчулукка сатып, миңдеген аялдар менен балдарды зордоп исламга өткөрүп жатканы жазылган.

Америкалык эксперттер ошондой эле жикчилдер басып алган Украинанын Донецк, Луганск облустарында да католиктер, протестанттар жана Киев чиркөөсүнө сыйынгандарды уурдоо, сабоо, ошондой эле жөөттөрдү кысымга алуу болгонун белгилешет.

Өзбекстан менен Тажикстанда да террорчулук менен күрөшүүгө шылтап, диний эркиндикке чектөөлөр болгону баяндамада келтирилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG