Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Жемкорлук жеңилеби же...


Иллюстрация
Иллюстрация

Эл аралык уюмдардын баамында, Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли төмөндөгөнү менен аны менен күрөшүүдө чечкиндүү кадамдар жасалбай жатат деп коомчулуктун сынына кабылууда.

Коррупциянын кылтагына илинген аткаминерлердин көбү жазадан кутулуп кетүүдө, депутаттардын кол тийбестигин алуу жемкорлукту азайтабы жана бул үчүн үчүн эмне кылуу керек?

"Азаттык" мына ушул суроолорду талкуулоо үчүн Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, полковник Тазабек Жаныкуловду, парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановду, экономикалык маселелер боюнча серепчи Мейманбек Абдылдаевди студияга чакырды.

Өмүрбек Абдырахманов: Коррупция менен күрөшүүдө мурдагы Жогорку Кеңештин да күнөөсү бар, чечкиндүү кадам жасай алган жок, өкмөт, президент да чечкиндүүлүк көрсөтө албады. Коррупция деген эмне? Ал авторитардык системанын жакын досу. Эл аралык уюмдардын баасындагы алдыңкы 50 мамлекетти карасаңыз, алар демократиялык нукта өнүккөн мамлекеттер. Ал эми эң арткы орундагы 50 өлкө бизге окшогон мамлекеттер, аларда коррупция жок болбойт. Айталы, Орусия, биздин жакын кошуналарыбыз. Аларда бардык чечимдерди бир адам гана чыгарат, андай жерде коррупция азайбайт, жоюлбайт. Ошондуктан мамлекеттин башкаруу системасы алмашмайын эч нерсе өзгөрбөйт.

Тазабек Жаныкулов: 2015-жылдын тогуз айынын ичинде коррупция беренеси боюнча 570 кылмыш ишинин бети ачылды, былтыр 485 болчу... Биздин карамагыбызда 22 мамлекеттик органдар болду, айрыкча Социалдык фонд, Мамлекеттик каттоо кызматы боюнча бир топ иштер ачылды. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында 128 кылмыш иши козголду...

please wait

No media source currently available

0:00 0:23:01 0:00
Түз линк

Мейман Абдылдаев: Ишкерлер коррупциядан дагы эле көп жабыр тартууда. Алар чечим чыгарган мамлекеттик мекемелерден көп азап чегет, мисалы, ишкер үй курула турган жерди алуу үчүн толгон мамлекеттик мекемелерге акча берет. Бул көрүнүш дагы эле уланууда.

Өмүрбек Абдырахманов: Бизде коррупция менен күрөшүү боюнча бир дагы реформа болгон жок. Кыргызстанда эң коррупциялашкан органдар – милиция, прокуратура, соттор, коррупция менен күрөшүү кызматы. Биз аларга ишенип, коррупцияны жоёт деп жүрөбүз. Алар элге эмес, өзүн дайындаган адамга кызмат кылат. Бюрократия да ошол боюнча. Бизде борборлоштурулган бийлик. Мындай система менен эч натыйжага жетпейбиз. Эгер демократиялык бийлик болгондо эл, депутаттар менен бирге өзү чечим алмак, жоопкерчиликке чакырмак.

Мейман Абдылдаев: Чындыгында бүгүнкү аракеттер жетишсиз, системалуу күрөш жок. Коррупция менен күрөшүүдө бийликте отургандар өздөрү таза болушу керек, бул жок. Экинчиден, жемкорлук кылгандарды аёосуз жазалоо жүрүшү керек эле ал да жок. Үчүнчүдөн, коррупция менен күрөшкөндөр жетиштүү маяна алышы керек. Болбосо...

XS
SM
MD
LG