Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Өкмөт жемкорлордон арылгысы келет


Иллюстрация
Иллюстрация

Жарандык коом өкүлдөрү колу туткак, алкымы чоң аткаминерлердин узун тизмесин элге ачык айтууну сунуштоодо. Бул учурда өкмөт коррупциялашкан кызматтардын тизмесин түзүүгө киришти.

Бул кадам жемкорлуктун алдын алуу, кадрды туура тандоо максатында жасалып жатканы Антикоррупциялык кеңештин алгачкы жыйынында айтылды. Кадр кызматынын маалыматына ылайык, мындай тизмеге азыр 179 адам кирген.

Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин иликтөөсү боюнча, мамлекеттик сатып алуулар, билим берүү, салык, жер бөлүү, курулуш, энергетика тармагында паракорлук күчтүү экени аныкталган.

Өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаевдин белгилешинче, жемкорлук менен күрөшүү программасында мыйзамдагы алешемдиктерди жоюу, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана ошого жараша аракет көрүүгө басым жасалат. Ошондой эле коррупциялашкан кызматтардын тизмеси түзүлөт.

- Бул жумуштар декабрь айынын ортолорунда бүтүп калат. "Эгер коррупцияга аралашкан кызматкер болсо, 10 жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынсын деген маселени карап көргүлө" деп Мамлекеттик кызмат жана Башкы прокуратурага тапшырып жатабыз. Ал эми ИИМде бир топ кызматкерлер пара алды, маңзат менен кармалды деген шек менен кызматтан алынып, кийин сот аркылуу кайра келип атышат. Ушул маселе көп талкууну жаратууда.

Темир Сариев
Темир Сариев

Өкмөт коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында быйыл жайында атайын бөлүм түзгөн. Ал системалуу коррупцияны жоюу боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышын анализдеп, мониторинг жүргүзөт. Анын алкагында атайын кеңеш түзүлүп, курамына жарандык коомдун өкүлдөрү да кирди. Кеңештин алгачкы жыйынына катышкан премьер-министр Темир Сариев 18 мамлекеттик органда коррупциялык схемаларды бузуу боюнча иш-чаралар иштелип жатканын белгиледи.

Көз карандысыз эксперт Эркайым Мамбеталиева паракорлук менен күрөшүүдө көп мекемелер чабалдык кылып жатат деп эсептейт.

- Мамлекеттик мекемелер жетекчилеринин коррупция менен күрөшүүгө эрки жетеби же формалдуу түрдө эле отчет түзүп өкмөткө жөнөтүп жатабы - негизги маселе ушунда. Көп органдарда толук кандуу көңүл бурулуп, эмнеге ушундай болуп жатат, себеби эмне деп иш жүргүзгөндөр өтө аз.

Жарандык коомдун өкүлдөрү мурда-кийин пара менен кармалган, артынан сөз ээрчитип “кара тизмеге” илинген кызматкерлердин аты-жөнүн интернетке жарыялоону сунуштап жатышат. Мындан сырткары пара менен кармалган кызматкердин жетекчисине карата да чара көрүү зарыл экени айтылууда.

Бакыт Бакетаев
Бакыт Бакетаев

Ал эми саясий серепчи Бакыт Бакетаев бийликтин коррупциянын түпкү себебин ачпай, анын кесепети менен күрөшүү аракетин сынга алды.

- Кооз жыйындарды токтотуп, конкреттүү ишке өтүү керек. Коррупция менен алектенгендер арасында – төрт-беш диплому бар, ак көйнөк кийип, галстук тагынган, айнеги караңгылатылган кара жип мингендер бар. Алар менен жолдун четинде туруп алып, шарик үйлөп алып күрөшсөк ишке ашпайт. Анан дагы беш жыл өтөт, дагы эле эшикке чыгып 100 кишиден сурасаң, 99у жылыш жок экенин айтышат.

Эл аралык Transparency International уюмунун дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча жарыялаган баяндамасына ылайык, Кыргызстан былтыр 136-орунду ээлеген. 175 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргызстан 27 упай менен жемкорлуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан орун алган. Эксперттер өлкөдө коррупциянын жайылышына ыңгайлуу шарттар дале толтура экенин белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG