Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Набыт болгон абак кызматкерлерине жакындары "баатыр" наамын сурашууда


Мындай өтүнүчүн алар 26-октябрдагы маалымат жыйында билдиришти. Курман болгондордун жакындары №50-түрмөдөгү кандуу окуянын акыйкат иликтенишин талап кылып, өлкө жетекчилигине кайрылышты. Алар күнөөнүн баарын өлгөн абак кызматкерлерине илип коюу аракеттери жүрүп жатканына кабатыр болуп жатышканын билдирип, абак кызматкерлери кызмат учурунда курман болгондорун эскертишти.

Маркумдардын жакындары каза болгон абак кызматкерлерине “баатыр” деген наам жана үй-бүлөлөрүнө материалдык-моралдык жардам берилишин суранышты.

Быйыл 12-октябрга караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Нооруз аймагында жайгашкан №50 абактан 9 кылмышкер качып кеткен. Кылмышкерлер аларды кармоого аракет кылган Жаза аткаруу кызматынын үчөөнү муунтуп өлтүрүшүп, бирөөнү чала жан кылып таштап кетишкен. Кийинчерээк жаракат алган кызматкер оор операциядан соң көз жумган. (EBM/AzK)

XS
SM
MD
LG