Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Кыргызстанда криминалдык милиция түзүлөт


Кыргызстанда криминалдык милиция түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Ички иштер министрлигиндеги жыйында билдирди.

Ушул тушта ИИМ криминалдык милиция боюнча сунуш даярдоодо, ал өкмөткө жөнөтүлөт. Сариев өкмөт Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул күзөт кызматын бириктирип, патрулдук милиция түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев буга чейин патрулдук милиция 102 телефонуна келип түшкөн бардык арыздар боюнча иштерин жана кайра түзүүлөргө болжол менен 6 миллион доллар сарпталарын билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG