Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Керри: XXI кылымдын мамилесин түзө алабыз, колубуздан келет


"Бул чыныгы 21-кылымдын элчилиги", - деди бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Бишкектеги америкалык элчиликтин жаңы салынган имаратынын ачылыш салтанатында сүйлөп жатып.

- Ал аркылуу биз эки өлкө ортосунда 21-кылымдын мамилесин түзө алабыз. Колубуздан келет. Бул имарат Кыргызстан менен АКШнын мамилеси канчалык терең жана маанилүү экенин көргөзөт. Кыргыз өкмөтү жана АКШ эки элдин ортосундагы байланыш, кызматташтыкты тереңдетүү ишин уланта берет. Бардык аракет биринчи кезекте элге багытталган эмеспи, - деди Керри.

Мамлекеттик катчы Бишкекке бир күндүк сапарга келди. Ушу тапта ал Борбор Азиядагы Америка университетинин ачылыш салтанатына катышууда. Андан кийин "Ала-Арча" резиденциясында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG