Террордук чабуулдардан кийинки Париж
Париж террордук чабуулдардан кийин
13-ноябрдын кечинде Париждин бир катар райондорунда куралдуу кол салуу болуп, андан мерт кеткендердин саны 130га жакындады. Ондогон адамдар жараат алды. Окуядан соң өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Франциянын президенти Франсуа Олланд кандуу кол салууну уюштургандар менен аёосуз күрөшөрүн билдирди. "Азаттыктын" өзбек кызматынын журналисти Гүласал Камалованын тарткан сүрөттөрү.