Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:02

Сен-Денидеги антитеррордук операция жыйынтыкталды


Сен-Денидеги операция маалында теракттарга катыштыгы бар деп шектелген жети адам камалды.
Сен-Денидеги операция маалында теракттарга катыштыгы бар деп шектелген жети адам камалды.

18-ноябрдын таңында башталган Париждин Сен-Дени районундагы антитеррордук операциянын жыйынтыгында өткөн жумадагы теракттарга катыштыгы бар деп шектелген жети адам камакка алынып, эки адам жок кылынды. Алардын бири - жанкечти аял өзүн-өзү жардырып жиберген. Операция маалында төрт полиция кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу Франция бийлиги кабарларды.

Маалымат каражаттарынын жазышынча, атайын операциянын башкы максаты - 13-ноябрдагы теракттарды уюштурган деп шектелип жаткан Абдельхамид Абаудду кармоо болгон.

13-ноябрда Парижде уюштурулган теракттар үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган. Канабайрамда 129 адамдын өмүрү кыйылып, 350сү жаракат алган. Соңку маалыматтарга ылайык, алардын токсонго чамалуусунун абалы оор. Бийликтер чабуулга тикелей катышы бар сегиз адамдын өздүгү аныкталганын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG