Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Ош: жер титирөө элдин үшүн алды


Кызыл-Суу айыл өкмөтү, Кара-Суу району. (Сүрөт Үсөн Акундун Фейсбуктагы баракчасынан алынды)
Кызыл-Суу айыл өкмөтү, Кара-Суу району. (Сүрөт Үсөн Акундун Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Кечээ түндө Ош облусунда катталган жер титирөөдөн адам өмүрүнө зыян келген жок. Бирок андан кийин кан басымы көтөрүлүп, дарыгерге кайрылгандар көп болгон. ӨКМ маалыматына караганда жер титирөөнүн кесепети толук эсептелип бүтө элек.

Кечээ 17синен 18ине караган түнү саат 23:30 чамасында болгон жер титирөөнүн очогу Алай жана Кара-Суу райондорунун ортосунда жайгашканы аныкталган.

Кара-Суунун Талдык, Лаглан, Тээке, Кызыл-Суу жана Алай районунун Гүлчө, Боз-Караган айылдарында силкинүү күчү жети баллга жеткен. Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Өзгөн районунда төрт-алты балл болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун айтымында, ири кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген учурлар катталган жок.

- Азырынча Кара-Суу району боюнча жараксыз абалга келген алты, авариялык абалдагы 30, капиталдык оңдоодон өткөрүүгө муктаж сегиз, канааттандырарлык абалдагы 15 турак жай аныкталды. Башка аймактарда да тактоо иши жүрүп жатат. Булардан сырткары мектеп, ФАП сыяктуу социалдык объекттерге да зыян келген же келбегени такталууда. Эртеңден тарта түшкөн арыздар боюнча текшерүү жүрөт.

Кара-Суу району, Талдык айылы
Кара-Суу району, Талдык айылы

Жердин силкиниши жергиликтүү тургундардын жүрөк үшүн алгандай. Кара-Суу районунун айылдарында үйгө киргенден коркуп, көчөдө жүргөндөр арбын. Түндөн бери алты-жети жолу майда термелүүлөр кайталанганын Талдык айылынын тургуну Алтынбек Болотов айтып берди:

- Биз билгенден алты жолу жер титиреди. 11:30да катуу силкинди. Андан кийин түнкү саат экиде анан төрттө болду. Таң атаарда 05:50дө, 07:40та, 07:50дө, азыр саат 11:30да дагы бир титиреп кетти. Балдар бакырып ыйлап, кыйла түйшүк тарттык. Өзүбүзгө келе албай турабыз. Үшүгөнүбүзгө карабай машинеде отурдук. Карылардын кан басымы көтөрүлдү, жүрөгү ооругандар болду. Үйдүн жаракасынан ай көрүнүп калды.

Таш-Короо айтылы, Алай району
Таш-Короо айтылы, Алай району

Алай районунун айылдарында да ушул көрүнүш. Көчөдө бала кучактаган аялдардын, топтошкон кишилердин турганын көрүүгө болот. Райондун тургуну Токтокан Мадаева үйүнүн дубалынан жарака кетип, балдары менен таңды тышта тосконун айтып берди.

Маалыматтарга караганда кечээги жер титирөө катуу сезилген бардык жерлерде кан басымы жогорулап, өзүн начар сезген адамдар дарыгерлерге кайрылган. Кара-Суу районунун Талдык айылынын медайымы Паризат Эргашева эртеден бери бейтаптарды тейлеп жетише албай жатканын айтты:

- Көбүнүн кан басымы көтөрүлгөн. Көңүлү айнып, башы ооругандар, жүрөк оорусу барлар кайрылып жатышат. Эртеден бери 15 адам келди. Күндө мындай болчу эмес. Дагы бирөө үйүнө чакырган.

Талдык айылы, Кара-Суу району
Талдык айылы, Кара-Суу району

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту Кыргызстанда жакынкы бир жылда кыйроого алып келчү жер титирөөлөр болбосун айтууда. Бирок майда жер силкинүүлөр маал-маалы менен катталышы ыктымал. Негизинен Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад аймактарынын тоолуу райондорунда алдын алуу иштерине көңүл буруу зарылдыгы бар. Бул тууралуу аталган институттун Сейсмикалык коопсуздукту баалоо лабораториясынын жетекчиси Медербек Өмүралиев айтып берди:

- Тажрыйба боюнча күчтүү титирөөдөн кийин жердеги энергия азаят. Мындан кийин аз титиреши мүмкүн. Мурунку убакка караганда бизде азыр жаңы жабдыктар бар. Алар так маалымат берет. Ошонун негизинде биз алдын ала божомол жасайбыз. Негизи божомол узак, орто анан кыска мөөнөттүү деп үчкө бөлүнөт. Узак анан орто мөөнөттөгү божомолдоо биздин Кыргызстандай өлкөлөрдө жакшыраак жолго коюлган. Буга чейин январь-февраль айларында жер титирөө болот деген сөз ушуга таянып айтылган. Ал эми кыска мөөнөттөгү божомол татаал, бул жагынан тажрыйба азыраак.

Адистер кечээги жер титирөө айрыкча шаар жерлеринде өзгөчө кырдаал учурунда адамдар өзүн кантип алып жүрүүнү билбей турганын көрсөттү дешет. Социалдык тармактарда жер титирөөнү алдын ала айтпады деп нааразы болгондор көп.

Жер титирөөнүн кесепети. 18-ноябрь

XS
SM
MD
LG