Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Нарында СПИДге каршы жөө жүрүш болду


Учурда Нарын облусунда СПИД илдети менен 95 адам жабыркагандыгы аныкталган.
Учурда Нарын облусунда СПИД илдети менен 95 адам жабыркагандыгы аныкталган.

Нарын облустук СПИДке каршы күрөшүү бөлүмү уюштурган бир айлык акция бүгүн "Биз СПИДге каршыбыз" аттуу жөө жүрүш менен жыйынтыкталды. Бул акцияга Нарын шаарындагы 20га чукул билим берүү жана медициналык мекемелер катышып, алардын арасында дилбаян жазуу, сүрөт тартуу өңдүү сынактар болгон. Ошондой эле бир айдын алкагында шаардагы мекемелерде СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча чогулуштар, семинар окуулар уюштурулду.

Учурда Нарын облусунда СПИД илдети менен 95 адам жабыркагандыгы аныкталган, алардын 11и быйыл жуктурган. Адистер ооруга чалдыккандардын басымдуусу жыныстык жол менен жуктуруп алгандар экенин айтышат.(MiK)

XS
SM
MD
LG