Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Эрдогандын Орусияга каяшасы


Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган (солдо) жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган (солдо) жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын айыптоосун кайрадан четке какты.

Москвадан айтылгандарды жалаа деп атаган түрк лидери эгер азыркыдай аракеттер улана берсе Анкара да жооп чара көрөрүн эскертти. Орусиянын саясий жетекчилери артынан кечээ аскерий өкүлдөр да “Ислам мамлекети” террордук тобу менен мунай соодасына Эрдоган өзү жана анын үй-бүлөсү аралашарын айтып чыгышкан эле.

Түркия менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги кайым айтышуулары ошентип бир аптадан ашып калды жана улам барган сайын ачуу сөздөр менен коштолууда.

Президент Режеп Тайып Эрдоган өзү кечээ Катардын борбору Дохада иш сапары менен жүргөн жеринен Москвадан айтылган соңку сөздөргө мындайча жооп кайтарды:

- Түркияга жалаа жабууга, аны “Ислам мамлекети” тобунан мунай сатып алат деп айыптоого эч кимдин укугу жок. Түркия террористтик уюмдан мунай сатып алгыдай деңгээлге түшүп, өз ар намысын жоготуп коё элек. Мен ушул эле нерсени Парижде да айттым. Түркияга жалаа жаап жаткандар муну далилдеши керек. Бизге айып тагып жаткандар муну далилдеши керек. Эгер алар өз айыптарын далилдей алса мен кызматымда бир мүнөт да калбайм. Бирок бул жалааны жапкандар да өз кызматтарында калбашы керек. Чынчыл саясатчылар мына ушундайга барат.

Орус президенти Владимир Путин, премьер-министр Дмитрий Медведевден кийин Түркия “Ислам мамлекети” тобу өндүргөн мунайдан пайда көрүп жатат деген айыптоону кечээ орусиялык аскерий жетекчилер жасаган эле.

Генералдардын далили

Коргоо министрлигинде атайын өткөрүлгөн басма сөз жыйында орус генералдары “Ислам мамлекети” тобу мунайды Түркияга ташыган үч жол бардыгын айтышып, кара май тарткан унаалар Сириядан Түркияга өтүп жатканы сателлиттен тартылган сүрөттөрдү көргөзүштү.

Орусиянын Коргоо министрлиги Түркия-Сирия чек арасындагы көрүнүш катары көрсөткөн сүрөт.
Орусиянын Коргоо министрлиги Түркия-Сирия чек арасындагы көрүнүш катары көрсөткөн сүрөт.

​Орус коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов буларга токтолду:

- Биз Түркия өз коңшуларын тоноп жатканы боюнча фактыларды берүүнү улантабыз. Бирок бул ууру бизнести көзөмөлдөөнү эң жакын адамдарга гана ишенип тапшырууга болот. Батышта эмнегедир бир факт эч кимдин суроосун жараткан жок. Эмне үчүн Түркия президентинин уулу эң ири энергетикалык компаниялардын бирин жетектейт, ал эми күйөө баласы энергетика министри болуп дайындалды. Абдан сонун үй-бүлөлүк бизнес. Башка жерде ушундай нерсе мүмкүнбү?

Орус аскерий өкүлдөрүнүн ырастоосунда, Түркия “Ислам мамлекети” тобунан алган мунайдын бир бөлүгүн ички базарда сатат, бир бөлүгүн кайра иштетүү үчүн башка жакка жөнөтөт.

Мындай айыптоолорду буга чейин түрк премьер-министри Ахмет Давутоглы “эч негизсиз” деп атап, тескерисинче, Орусиянын Түркиянын аба мейкиндигин бузганын жашырууга аракеттенип жатканы үчүн күнөөлөгөн эле.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри кечээ Брюсселде жүргөн жеринен белгилегендей, Түркия Сириянын “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн аймактары менен чек арасын кулпулоого умтулууда, экстремисттик топ колдонгон контрабандалык жолдорду жабууга Анкара өзү да кызыкдар.

Ирактын чалгын кызматтарынын жана америкалык расмий өкүлдөрдүн эсебинде, ИМ тобу Сирия менен Иракта алар көзөмөлдөгөн аймактагы мунай кендерден алынган кара майды сатуудан айына 50 миллион долларга чейин киреше чогултат.

Анкара менен Москванын мамилеси 24-ноябрда орусиялык аскерий учак Түркия-Сирия чек арасында кыйрагандан бери начарлап кетти.

Түркия алардын аба мейкиндигин бузган учак он ирет эскертүү алган соң атылды деп ырастаса, Орусия учак Сириянын асманында эле атайылап атылган деп эсептөөдө.

Эрдогандын кулак кагышы

Түркиядан Орусияга помидор алып келүүгө тыюу салынды.
Түркиядан Орусияга помидор алып келүүгө тыюу салынды.

Москва жооп чара катары Түркияга айрым экономикалык санкцияларды киргизди. Учагы кыйрагандан бери Орусия Түркиянын сүйлөшүү жөнүндө чакырыктарын да четке кагып келүүдө.

Президент Эрдогандын пикиринде, “отко май тамыза берүү” эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп бербейт, бирок Орусиядан учурдагыдай реакция токтобосо, Түркия да жооп чарага аргасыз болот:

- Биз бул проблема мындан аркы алака-катышыбызга, кызматташтыкты жакшыртуу потенциалыбызга зыян келтиришин каалабайбыз. Орусиянын бул инцидент боюнча пропорционалдуу эмес реакциясына өкүнүч менен кароодобуз, калган дүйнө болсо биз туура кылганыбызды моюнга алып жатат. Эгер азыркыдай реакция улана берсе, биз да айрым чараларды көрүүгө мажбур болобуз.

Бул бир апта ашуун уланып жаткан кризистен кийин орус жана түрк тышкы иштер министрлери жолугуп калышы ыктымал болуп турат. Сербия борбору Белградда бүгүн-эртең ЕККУнун жыйыны өтмөкчү.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, ал бул кеңешмеде түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы менен “байланыштан качпайт”. Түрк тышкы иштер министри болсо кечээ жолугушуу өтүнүчүнө Орусиядан али жооп күтүп жатканын билдирген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG