Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Аткезчилер ун алып келаткан жеринен кармалышты


Чек ара кызматынан кабарлашкандай, кыргыз-казак чек арасынын Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекетинде аткезчилик менен ташылып келаткан 200 мүшөк ун кармалды. Mеrcedes-Benz автоунаасын текшерүү маалында 200 миң сомдук жүк табылган. Аны ташып келүүгө ураксат кагаздары болгон эмес.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден бери Казакстандан унду аткезчилик менен алып кирүү арбыганын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов Таластагы салык кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирген болчу.

Кыргыз-казак чек арасынан Бажы кызматы алынгандан бери Казакстандан даяр унду алып өтүү көбөйгөнүн, бул жергиликтүү өндүрүшкө чоң зыян тийгизип жаткандыгын “Тегирменчилер” ассоциациясы да билдирген.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августтунан тарта толук укуктуу мүчө болуп кирген. Ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения кирет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG