Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Орусия: Айдоочулардын каршылык акциясы


Орусия: Айдоочулардын каршылык акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Бир канча аймактан келген жүк тарткан фуралардын айдоочулары 5-декабрда “Платон” системасын киргизүүгө каршы Москвада өтүп жаткан митингге кошулду. Каршылык акциясына чыккан айдоочулар алардын талаптарын өкмөт угат деген үмүтто болушууда. Жүк ташыган айдоочулар Орусия боюнча соңку бир айга жакын убакыттан бери нааразылык билдиришүүдө. Алар жол пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн “Платон” деп аталган жаңы системасына каршы чыгышууда. Бул система президент Владимир Путин менен жакшы байланышта турган ишкер жана олигарх Аркадий Ротенбергдин уулу Игорь Ротенбергдин компаниясы тарабынан башкарылат. Айдоочулар бул системада коррупциялык схема бар деп эсептешүүдө. Орус өкмөтү өткөн айдын соңунда жүк тарткан унаалар үчүн жол акысы үчүн төлөмдү үч айга кийинкиге калтырууга жана кээ бир айыпулдардан баш тартууга макул болгон. Бирок айдоочулар бул жетишсиз экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG