Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:22

Кандагардагы чабуулдан 37 жайкын тургун мерт болгону кабарланууда


Жоготуулар тууралуу сандар ар түрдүү чыгууда. Жергиликтүү бийлик ооган өкмөт күчтөрү менен жарандык тараптан тогуз адам каза болгонун кабарлады.

Талиптерден үч жоочу жок кылынган. Кандагардагы ооган командачылыгы 18 адам каза таап, 28и жарадар бар экенин билдирди. Шаршембиге караган түнү "Талибандын" Кандагардагы аэродромго кол салуусунан 37 жайкын тургун каза болгону кабарланды. Ооганстандын Коргоо министрлиги жоочулардан тогуз адам жок кылынганын жана бир согушкер азыр деле атышып жатканын маалымдады. "Талибандын" аэродромго чабуулу Ооганстанга колдоо көрсөтүү боюнча аймактык конференциянын алдында, 8-декабрдын кечинде башталган.

XS
SM
MD
LG