Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Милиция кыйноо ыкмасынан арыла элек


Иллюстрация
Иллюстрация

Прокуратура жарым жылда 13 милиция кызматкерине карата кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл органынын кылмыш ачылгандан сотко чейинки мөөнөтүндө жарандардын укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмү ушул жылдын июнь айынан тарта иштей баштаган. Бул аралыкта аталган бөлүм республиканын милиция бөлүмдөрүн жана тергөө абактарын текшерүүгө алган. Натыйжада 13 милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Бактыбек Кетиреңов “Азаттыкка” билдирди.

- Жалпысынан кыйноолорго байланыштуу 28 материал табылды. Анын ичинен 10 факт боюнча 13 милиция кызматкерине кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү жарандарга карата катаал мамилелердин дээрлик бардыгы милиция бөлүмчөлөрүндө катталган.

Буга чейин кылмышка шектүү жарандарды кыйноо фактылары көбүнесе тергөө абактарында, түрмөлөрдө болору айтылып келген.

Киши эле болсо кылмыш иши даярбы?

Кетиреңовдун айтуусунда, милициянын кыйноосуна кабылгандардын арасында жашы жете электер, кош бойлуу аялдар да бар. Маселен, тергөөчүлөр Адилет Иманкулов аттуу өспүрүмгө Орусияда жүргөнүнө карабай Кыргызстанда жасалган кылмыш ишин моюнуна илип коюшкан.

- Токмоктун милиция кызматкерлери Адилет Иманкуловду аёосуз кыйнап, жасабаган кылмыш ишин моюнуна илип коюшкан. Ал ур-токмоктон өзүн жоготуп, шымын булгап жибергенин байкабай калган. Биз менен сүйлөшкөндө бир өлүмдөн калганын, милициядан таяк жегиче кылмышты моюнуна алып түрмөдө отурганы артык болгонун айтып берди. Учурда бул факт боюнча да кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Байкоочулардын баамында, милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөргө күнөөнү моюнга алдыртуу үчүн көп учурда башына баштык кийгизип, электрошокер, дубинка менен сабашат, аябай тепкилешет. Психологиялык басым менен кыйноонун далилдөөгө оор болгон катаал ыкмаларын колдонушат.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулаймановдун пикиринде, зомбулук фактылары азайбаса да, зөөкүр милицияларды жазага тартуу жагында жылыш бар.

- Былтыр бизге 70 арыз түшсө, быйыл кыйноо боюнча кайрылгандардын саны 130га жетти. Кыйноо фактылары азайып жатат деп айтууга болбойт. Бирок кыйноолорго каршы Башкы прокуратурада атайын бөлүм ачылганы чоң жылыш. Анткени кыйноолорго каршы кылмыш иши козголуп жатканына үч эле жыл болду. Болбосо 10 жылда бир да кылмыш иши козголгон эмес.

Деген менен ИИМ жарандарга каршы колдонулган катаал мамилелерге жалаң милиция кызматкерлери күнөөлүү дегенге кошулбайт. Мекеменин маалымат катчысы Бакыт Сейитов тескерисинче кыйноо фактылар азайып жатат деген ойдо.

- Эгер прокуратура иш козгоп, сот далилдесе, милициялардын жоопко тартылышына биз деле кызыкдарбыз. Бирок акыркы жылдары кыйноо фактылары азайып жатканын эстен чыгарбоо керек.

Көз карандысыз укук коргоочулар жарандарды кыйнаган милиция же түрмө кызматкерлери жоопко тартылбай келет, деп сындап келишкен. Кыргызстанда жыл сайын 50-60 кыйноо фактысы катталат.

XS
SM
MD
LG