Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Мээримден өксүгөн балдар


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери өспүрүмдөргө каршы жасалган 755 кылмыш иши катталып, анын 570и сотко ɵткөн. 137 өспүрүм зордукталып, анын 110у соттун кароосунда.

Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун күчөшүнүн бирден бир себебин эмгек миграциясынан көрүшөт. Ата-энеси жакын туугандарына таштап кеткен балдардын жагдайы жакшы эмес.

Чет жерде мигрант болуп жүргөн ата-энелер интернетте күн сайын кичинекей балдардын кордолуп, зордукталганы тууралуу жаңылыкты укканда жүрөгү зыркырап жатканы шексиз. Бирок миграция агымы токтой элек.

Өлкөдө жумушсуздук күчөп турган учурда тышка иш издеп агылгандар жакынкы жылдары азая турган түрү жок. Адистер мындай учурда мээримден өксүп, жабыгып турган балдарга көңүл бурууну күчөтүү керек дешет.

Мээримден өксүгөн балдар (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:42 0:00

Акыркы кезде балдарды өзгөлөр эмес, өз жакындары кордогон учурлар көбөйдү. Психологиялык кемсинтүү, чычкандай наристени сабап же секелектерди зордуктоо сыяктуу төбө чачты тик тургузган окуялар көп катталууда.

Мээримден өксүгөн балдар (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00

Өлкөдө кароосуз калган балдар үчүн ачылган жайларда чоңдордун ырайымсыз мамилесинен запкы жеген ондогон өспүрүм тарбияланууда. Жыл башынан бери балдар жакын адамдары тарабынан кордолуп, үрөй учурган окуялар коомчулукка коңгуроо каккандай болгон. Анткен менен чоңдордун балдарга запкы көргөзүүсү тыйыла элек.

Мээримден өксүгөн балдар (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG