Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Кайдыгерлик балдарды кордоого жол ачууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Көчөдө күн өткөргөн балдардын көпчүлүгү үй-бүлө зомбулугунан качкандар. Бул тууралуу балдардын укугун коргоо жана аларга ар тараптан камкордук көрүү боюнча Бишкекте өткөн форумда айтылды.

Эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда болгон иш-чарада өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу, миграция өңдүү көйгөйлөр балдар укугуна доо кетирип жатканы белгиленди. Алардын айтымында, мамлекет үй-бүлө институтуна көңүл бурбай жатат.

Соңку учурда өлкөдө балдарга карата ыдык көрсөтүү, зордук-зомбулук кылуу фактылары улам арбып баратканы президенттин кайрылуусунда да белгиленет. Бейөкмөт уюмдарынын пикиринде, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү активдүү иш алып барбай жаткандыктан айрым учурлар көз жаздымда калууда.

Социалдык кызматкерлер ассоциациясынын төрайымы Вера Усенованын айтымында, бир айылда же райондо жашап жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөнүн абалына кош көңүл жетекчилер да жок эмес.

- Уюштуруу иштеринде кемчиликтер толтура. Айыл өкмөт башчылары ушундай жыйындарга катышуусу керек болчу. Мына бүгүн да жок. Элвира Сариева вице-премьер болуп турганда да алар менен тыгыз иштөө зарылдыгын айтканбыз. Бир айылда жашап жаткан кайсы бир адамдардын турмушу кандай экенин бизге караганда ошол башчы жакшы билет да. Билбесе барып, маалымат алыш керек, кызыгышы керек дегендей. Күмөн жараткан учурлар болсо кайрылсын.

Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо фактылары кайталангандыгына байланыштуу өкмөткө мындай окуялардын алдын алуу боюнча тез арада координацияланган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тапшырмасы берилген.

- Балдардын укугунун коргоого карата өкмөт атайын программа кабыл алган. 2018-жылга чейин эсептелген ал документте комплекстүү иш-чаралар көрсөтүлөт. Алсак, мамлекеттин социалдык жактан кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, атайын мекемелерде тарбияланып жаткан балдардын санын кыскартып, үй-бүлөсүнө кайтарып берүү аракеттерин чыңдоо, балдардын психолог адистеринин жетишсиздигин жоюу жана башка маселелер бар.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын айтымында, балдар үйүндө тарбияланган наристелердин саны акыркы үч жылда дээрлик кыскарган. 2011-жылдан бери баш-аягы эки жарым миң баланы асырап алышкан.

- Албетте бул чоң жетишкендик. Биз, тескеринче, баланын үй-бүлөдө, ата-энесинин мээримине бөлөнүп чоңоюшуна аракетти жумшоо керек. Колдон келсе интернат, балдар жатаканаларында балдардын санын дагы кыскартуу керек.

Ата-эне жооптуу мамиле жасаса...

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев ата-энелердин жоопкерчилигине карата катуу чара колдонуу керектигин айтат. Анын белгилешинче, мектеп интернаттарында жашап жаткан балдардын көпчүлүгү чет жерге иштеп кетип, убактылуу таштап кеткен эне-аталардын балдары.

- Айрым адамдардын жашоодо кыйын жагдайлары болуп калса баланы кайда калтырам дегенде эле дароо жатаканаларды, интернаттарды ойлошот. Мисалы, баламды жатаканаларга таштап коем деген туруктуу түшүнүк калыптанып калган. Бул туура эмес да.

Бирок социалдык-экономикалык жагдай да ар бир үй-бүлөгө таасир этүүдө. Айрыкча балдар зордук-зомбулукка кабылып жатат. ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун балдарды коргоо боюнча өкүлү Катлин Брасич үй-бүлө институтуна бийлик тарабынан көңүл буруу эң башкысы дейт.

- Жашоо-шарты начар мамлекеттерде гана балдардын укугу тебеленет деп айтуу туура эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө деле мындай көрүнүштөр орун алышы мүмкүн. Бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө мындай мамиленин болушу толук мүмкүн. Аны күтүп отурбай, алдын ала көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп туруу үчүн социалдык сектор сапаттуу кызмат көрсөтүүсү керек.

Улуттук форум соңунда балдарга жасалган зордук-зомбулукту алдын алуу план иштелип чыкты. Ага ылайык балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн штаб ар бир айыл өкмөткө, ар бир районго түзүү каралууда. Балдарын таштап кеткен кыргызстандыктардын тизмеси түзүлүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү иштери да камтылган. Бул иштерге айылдык комитеттер, аксакалдар соту, аялдар кеңеши жана жаштар уюмдары тартылмай болду.

XS
SM
MD
LG