Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Кордолгон наристе коомду ойготту


Замир Ракеев
Замир Ракеев

Кыргыз бийлиги балдарга карата зомбулукту токтотууга билек түрө киришти.

16-январда өкмөт тиешелүү министрлерди чогултуп, атайын жыйын өткөрдү. Ал эми Мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдөгү мечиттерде бүгүнкү жума намазда зомбулук тууралуу кутпа окулсун деген буйрук чыгарды.

Буга 11-январда Бишкектеги балдар ооруканасына туугандарынан запкы жеп, зордукталып түшкөн эки жашар наристенин окуясы түрткү болду. Бул үрөй учурган окуя коомчулукта эч кимди кайдыгер калтырган жок окшойт.

Министрлерди жыйынга чогулткан өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев балдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн комплекстүү программанын иши жигердүү болушу керектигин айтты. Оторбаев тиешелүү органдарга эки жашар балага жасалган зомбулукту тыкыр иликтөөнү тапшырды. Ошондой эле өкмөт башчы зомбулукка мигранттардын, ажырашып кеткен, жакыр үй-бүлөнүн балдары кабылып жатканын белгилеп, социалдык кызматкерлерине тизмеде турган үй-бүлөлөрдү кыдырып, текшерип чыгууну буйруду.

Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев.

- Бүгүнкү биздин милдетибиз ушул өңдүү окуяларды токтотушубуз керек. Балдарга карата зомбулукту токтотуудагы кыйынчылык - наристелерди өз жакындары кордоп жатканын айтсак болот. Себеби мындай учурда факт дайыма эле ачыкка чыга бербейт. Азыр биз ушул көйгөйдү талкуулап, эмне кылышыбыз керек экенин аныктап алалы. Болуп өткөн окуяны дароо көзөмөлүнө алган үчүн Мелис Токтомамбетовичке рахмат. Бирок башка министрлер унчукпай отурганына таң калып жатам. Эми биз календардык план менен иш жүргүзөбүз. Ушундай абалда балдар ооруканага түшүп калган болсо, дарыгерлер дароо милицияга кайрылгыла. Ал эми милиция эң мыкты тергөөчүнү ушул тармакка жөнөткүлө. Социалдык кызматкерлер, силерде бардык үй-бүлөнүн дайын-дареги бар. Тез арада үйлөрдү кыдырып, зомбулуктун алдын алуу иштерин жүргүзгүлө. Мектептерде түшүндүрүүлөр, маалыматтар берилсин. Эмнеге биз президент тапшырма бермейин отура беребиз? Бул уят эмеспи.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев балдарга ырайымсыз мамиле кылгандарга жазаны күчөткөн, катаал мыйзамдарды киргизүү керек экенин кошумчалады.

Дин зомбулукка каршы

Бул күнү Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максат ажы Токтомушев жума намазда өлкөнүн бардык мечиттеринде зомбулуктун терс жактары тууралуу кутпа окулсун деген фатва чыгарды. Токтомушев билдирүүсүндө ислам дининде кимди гана болбосун кыйноого, кемсинтүүгө жана басынтууга тыюу салынганын белгилеп, мечитке келгендерге түшүндүрүү жүргүзүү керектигин айтты.

Бишкектеги борбордук мечитте бүгүнкү жумада имамдык кылган муфтияттын өкүлү Замир Ракеев баянын “адамдарга мээрим төкпөгөнгө кудайдын мээрими төгүлбөйт” деп баштады. Ракеев дин жайылгыча араб жеринде кыздар зөөкүрлүк менен өлтүрүлгөнүн мисал кылып, андыктан ислам дини - зомбулукту токтоторун түшүндүрдү.

- Куранда "Акыр кыяматта ар бир кылган ишиң үчүн жооп бересиң. Мисалы, кордук көргөн адам да суралат. “Сени эмне үчүн кордошту? Кайсы күнөөң бар эле” деп. Элестетип көргүлө, бирөөгө зулумдук кылган адам кандай сураларын, аны кандай сурак күтүп турганын айтпасак да белгилүү. Ислам дини эч кимди кордобой жашайт.

Жума намаздан чыккан шаар тургуну Бабакул Осмонов мечиттерде бүгүнкүдөй баяндар көбүрөөк болушун каалайт. Ал азыркы коомдо агрессия күч алганын, мечитке агылган жаштардын аң-сезимин боорукердикке үндөө керектигин айтты:

- Азыр үй-бүлөдө, коомдо, бардык эле жерде зомбулук күч алды. Айрыкча жардамсыз балдарды кордогондорду түшүнүп болбойт. Мына ушундай эл топтолгон жерлерде, карылар балдарды ыйманга чакырып, кара мүртөздүккө каршы турууга үндөсөк натыйжасы болот.

Активисттер коомго кайрылды

Ал арада жарандык активисттер да жөн отурган жок. Бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү, укук коргоочулар, активисттер наристеге зомбулук көрсөткөндөр жазаланышын көзөмөлгө алышты. Алардын бири, юрист Атыр Абдрахматова балдарды зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин сынга алды. Ал бул маселе менен күрөшүүдө баланын тагдырына кайдыгер карабагандарга кайрылып, коомчулукту жардамга чакырат.

- Биз, активисттер чогулуп иш баштадык. Коомчулуктун аң-сезимин оңдоо, балдарга болгон зомбулуктун артында жаман тенденция, караңгы келечек күтүп жатканын түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Ал эми өкмөттүн ишинен пайда жок, мыйзам бар, программа бар, бирок жыйынтык жок. Акыркы окуяга ким жооп берди? Тиешелүү кызматтар эмнеге унчукпай отурат?

Учурда дарыгерлердин айтымында, кордолгон наристе өз алдынча дем алып, жасалма дем алдыруу аппаратынан ажыратылганы менен абалы дале оор.

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту эки жаштагы наристени сабады деп шектелген 47 жаштагы жаранды эки айга тергөө абагына камоо чечимин кабыл алды. Кечээ ымыркайды сабоого шектелген жарандын жубайы да камакка алынган. Милиция атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча кылмыш иш козгогон.

Өлүм алдында жаткан ымыркайдын өмүрүн сактап калуу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө тапшырма берип, бул окуяны өз көзөмөлүнө алган.

Кыргызстанда жакындарынан запкы жеп, ооруканага түшкөн балдардын мындай окуясы алгачкы жолу болуп отурган жок.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG