Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

Таякеси сабаган секелек ооруканада


Балдарга карата зомбулук фактылары акыркы кезде көбүрөөк ачыкка чыга баштады. Адистер коомчулуктун буга реакция жасаганын оң баалап жатышат.

Кечээ 22-январда Чүй облусунан жакындары тарабынан 10 жаштагы кыздын зордукталганы, 6 жашар кыздын зомбулукка кабылганы анык болду.

21-январда Чүйдүн Сокулук районунда алты жашар кыз өз жакындары тарабынан сабалып, ооруканага түшкөн. Кыздын мээси чайкалып, денеси көгала болуп, эки ийини кокустаган. Алты жаштагы наристени сабады деп шектелген бир тууган таякеси Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда милиция тарабынан "атайылап ден соолукка залал келтирүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кыздын таяк жегени милиция кызматкерлери менен Сокулук районунун социалдык бөлүмүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейдде аныкталган.

- Кызды энеси таятасыныкына таштап, июль айында Орусияга кеткен. Ошондон тарта кыз ур-токмокко алынчу экен. Ооруканага алып барганыбызда денесиндеги бир нече жаракаттарды көрдүк. Кызды урган камчы менен таяк алынып, соттук медициналык экспертизага берилди. 1980-жылкы бир тууган таякеси кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайга камакка алынды, - деди Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматкери Нурбек Токтосунов:

Милициянын билдиргенине караганда кызды урду деп шектелген таякеси кызды тентектик кылып, түн ичинде төшөккө заара ушатып койгону үчүн "жазалап" койгонун айткан. Учурда кыздын жакындары менен байланышууга мүмкүндүк болбоду.

Сокулук райондук ооруканасынын кызматкери Расул Мырзайымов кыздын азыркы абал жөнүндө буларды айтты:

- Абалы оор бойдон сакталууда десек болот. Бирок ооруканага түшкөн кездегиден жакшы. Кыздын денесинде жарааттар, көгала тактар бар, далысы жана ийиндери кокустаган. Учурда сабалганы аныкталды, денесинде эски тактар да бар экен. Азыр ооруканада дарыланат, качан чыгаары белгисиз.

Ушул күндөрү Чүй облусунан ушул өңдүү дагы бир окуя ачыкка чыкты. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында 22-январда он жаштагы кызды зордуктады деп шектелип 45 жаштагы эркек камакка алынды. Шектелип жактан эркек кыздын өгөй атасы болгон, окуя 11-январда Токмок шаарында орун алган.

Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова кызга жардам берүү үчүн жакындары менен байланышып жатканын кабарлады:

- Биз социалдык жана укуктук жардам бергенге план түзүп жатабыз, азыр социалдык кызматкерлер ушул иш боюнча иштешүүдө.

Укук коргоочулар балдардын зомбулукка кабылган фактылары ачыктала баштаганын оң баалашууда. Бул коомчулуктун ойгонуп, балдарды ырайымсыз, катаал мамиледен коргоо үчүн аракеттер деп жүрүп жатканынан кабар берет дешет адистер.

Балдарды коргоо борбору уюмунун жетекчиси Кумар Эргешова мындай үрөй учурган жосунсуз жоруктарды ачыктап, эми анын себептери, алдын алуу иштерин улантуу керек экенин белгилейт. Анын айтымында, бул көйгөйгө каршы турууда өкмөт менен бейөкмөт уюмдар, жалпы коомчулук бирге иш алып барышы зарыл.

- Бул өзүнчө бир социалдык чыңалуу. Ал чегине жетип, жарылгандан кийин адамдар аракет кыла башташты. Бейөкмөт уюмдар айтып, жазып келгенбиз. Коомчулуктун өзү түрткү болуп, фактылар ачылган сайын кайдыгер калбагандыгы колдоого татырлык.

16-январда өкмөт тиешелүү министрлерди чогултуп, балдарга карата зомбулукту токтотуудагы чараларды көрүү боюнча атайын жыйын өткөргөн. Анда өкмөт башчы зомбулукка мигранттардын, ажырашып кеткен түгөйлөрдүн, жакыр үй-бүлөнүн балдары кабылып жатканын белгилеп, социалдык кызматкерлерине тизмеде турган үй-бүлөлөрдү кыдырып, текшерип чыгууну тапшырган. Ошол эле күнү Мусулмандар дин башкармалыгынын буйругу менен өлкөдөгү мечиттерде зомбулук тууралуу кутпа окулган эле. Буга 11-январда Бишкектеги балдар ооруканасына туугандарынан запкы жеп, зордукталып түшкөн эки жашар наристенин окуясы түрткү болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG