Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Балдарды мазактоо күч алды


Бишкекте зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам көрсөтүү кызматы ишке киришти.

Токмоктон жапа чеккен балдарды коргоо боюнча бир нече мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар иштеп келатканы менен, адистер жабыркагандар саны жылдан жылга өсүп баратат деп айтууда. Эгер 2011-жылы 80ге жакын факт катталса, былтыр бул сан эки эсе өскөн. Мындан сырткары, катталбай калган учурлар да аз эмес. Укук коргоо органдары болсо балдарды мазактаган учурларды далилдеп, күнөөкөрлөрдү жоопко тартууга аракеттенип жатышканын жүйө кармайт.

Аймактардын биринде жашаган бул айымдын сөзүнө караганда (кайсыл облус экенин айтпоону өтүнгөн), былтыр анын он жаштагы баласын медресе мугалими бир нече жолу зордуктаган сыяктуу. Уулу дем алыш күндөрү үйүнө келген сайын даттанып, медресеге барбайм дегенине карабастан, апасы баласын кайра-кайра жибере берген. Акыры баласынын чыдамы түгөнүп, төкпөй-чачпай айтып бергенден кийин апасы уулун ооруканага жаткырып, мугалимди сотко берген.

- Медреседе бир жаш мугалим менин баламды зордуктаган. Бир эле менин баламды эмес, көп балдарды ошенткен. Мен бул тууралуу уккандан кийин дароо ооруканага алып барсам жамбашындагы тешик жарылып кетиптир (трещина). Баламды ооруканага жаткырып, эки-үч жолу наркоз аркылуу дарылагандан кийин анан айыгып кетти. Бирок психикасы жабыркады, көз айнекчен кишини көрсө эле “Нурсаид келатат” деп титиреп, кыйкырат. Түнкүсүн да көп ыйлайт, өзүнүн бөлмөсүндө жатпайт, дайыма мени менен жатат.

Айымдын айтымында, баланы зордуктаган киши иш жүзүндө жоопко тартылган эмес – сот психикалык жактан оорулуу деп мугалимди атайын ооруканага гана жаткыруу боюнча чечим чыгарган.

Балдарды коргоо борборунун башчысы Динара Давлетбаеванын айтымында, Кыргызстанда балдарга зомбулуктун бардык түрү кыйшаюсуз өсүп баратат. Сексуалдык зомбулуктан сырткары, үй-бүлөдө, мектепте, эшик-ээликте жана интернатта болуп жаткан уруп-сабоо, психикалык мазактоо да кирет.

- Биздин практикада зордук-зомбулукка кабылган ар кандай балдар катталат. Кээ бирлеринин денесинде шишиктер, тактар болот башкалары мындай карасаң баары жакшы эле, а бирок унчукпайт, эч ким менен сүйлөшпөйт, жабык болушат. Бирок биздин психологдор ар бири менен өзүнчө иштеп, кайра өз калыбына келтирүүгө аракет кылышат. Бирөөсү бат эле айыгып кетет, башкасына көп убакыт керек. Ар кандай балдар келет.

Давлетбаева зордук-зомбулукка кабылган балдардын жашы ар кыл экенин, аларды мазактоочулар ата-энеси жана туугандарынан тартып, мугалимдер жана бейтааныш адамдар да болуп жатканын кошумчалады.

“Балдарды коргоо лигасынын” башчысы Назгүл Турдубекованын сөзүнө караганда, үй-бүлөдө жана сыртта зомбулукка кабылган балдардын укугун коргоого активисттер мамлекеттик органдар менен бирге аракет кылып жатышат. Бирок медресе, интернат, түрмө жана башка ушул сыяктуу жабык жайларда балдар эмне күн көрүп жатканы белгисиз, ошондуктан жаңы кызмат ушундай жайлардагы балдардын укуктарын коргоого киришмекчи, дейт ал.

- Эгер зордук-зомбулукка кабылган балдар атайын реабилитациядан өтүшпөсө, алар өзүнүн турмушун кура албай, психикалык жагынан жабыркашат да. Зордук-зомбулукка учураган балдар кийин өзүлөрү да мыкаачыларга айланып кетиши мүмкүн.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы балдарга зомбулукка бөгөт коюу алкагында бул жылы эки кылмыш ишин козгоп, азыр тергөө жүргүзүп жатат. "Дагы сегиз факт боюнча кээ бир ата-энелерден балдары алынып социалдык мекемелерге өткөрүлсө, дагы бирлери менен балдарды тарбиялоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт",- дейт башкармалыктын Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Жамийла Талканбаева.

- Өзүнүн ата-энелик милдетин аткарбаган ата-апаларды биз алдын ала аныктасак, алардын үстүндө көзөмөл жүргүзүп, тарбиялоо иштери боюнча лекция окуп беребиз. Эгер балдарын уруп-сабап жатышса, анда аларды каттоого алып, чараларды көрөбүз, үстүндө көзөмөлдөп турабыз.

Кыргызстанда канча бала зордук-зомбулукка кабылганы тууралуу так статистика жок, ар кандай уюмдар өз сандарын берип келишет. Бишкек ШИИБсы быйыл 10 факт каттаган. Ал эми Балдарды коргоо боюнча бишкектик борбордун маалыматына караганда, 2011-жылы уруп-сабоо, сексуалдык жана психологиялык зомбулук боюнча 80ге жакын факт катталган, 2012-жылы бул сан эки эседен ашкан, ал эми бул жылдын биринчи бөлүгүндө 107 бала жапа чеккен.
XS
SM
MD
LG