Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Парижде климат боюнча БУУ макулдашуусуна кол коюлду


Парижде эки аптага созулган Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө арналган эл аралык конференциясы соңуна чыкты. Ишемби күнү глобалдык форумдун катышуучулары кабыл алган макулдашуунун долбооруна 2016-жылдын 22-апрелинде БУУнун Нью-Йорктогу башкы штабында кол коюлат. Макудашууда планетадагы орточо температураны 2100-жылга карата эки градус Цельсийден ашырбоо, өнүгүп жаткан өлкөлөр булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу, климаттык өзгөрүүлөргө адаптация болуу аракеттери көрүлүшү керек. Ошондой эле өнүккөн өлкөлөр 2020-жылдан тартып климатты сактоо иш-аракеттерине жыл сайын 100 млрд. доллар бөлүп турушат.

АКШ президенти Барак Обама бул макулдашуу планетаны сактап калууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. “Биз бүгүн дүйнө бириксе эмнеге жетише аларыбызды көрсөттүк”, - деди Обама.

Париж макулдашуусу климат боюнча жетишилген жана жыйынга катышкан өлкөлөрдүн бардыгы аткарышы керек болгон алгачкы ири документ. 30-ноябрда Парижде башталган Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча ачылышына 150дөн ашуун мамлекеттин лидерлери чогулуп, ага жалпысынан 40 миңдей адам катышкан.

Дүйнөлүк саммиттин алдында Улуттар Уюмуна абаны булгаган газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча 180ден ашуун өлкө өз сунушун тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG