Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

Барак Обама Сан-Бернардинодогу теракт курмандыктарынын жакындары менен жолукту


Барак Обама жубайы Мишель Обама менен
Барак Обама жубайы Мишель Обама менен

АКШ президенти Барак Обама жубайы Мишель Обама менен Калифорниядагы Сан-Бернардино шаарында болушту. Барак Обама каза тапкан жарандардын жакындары менен болгон баарлашуу ал үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеп, бул терактка каршы дароо чара көргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыраазылык билдирди.

Жолугушуудан кийин Обама жаңы жылдык каникулга Гавай аралдарына кетти.

Калифорниядагы кол салууну теги боюнча пакистандык жубайлар: АКШ туулуп өскөн Саид Фарук жана анын Кошмо Штаттарга Сауд Аравиядан эки жыл мурда келген жубайы Ташфин Малик жасашкан эле.

Жубайлар өздөрү 14 адамдын өмүрүн кыйып, 21 кишини жарадар кылган соң полиция менен атышууда өлгөн. Ага чейин үйүндөгү компьютерлерин тазалашкан.

АКШнын Федералдык тергөө бюросу – ФБР буга чейин билдиргендей, жубайлардын бири-Ташфин Малик мурдараак Интернетте “Ислам мамлекети” тобунун лидерин колдогон жазууларды калтырганы аныкталган.(AzK)

XS
SM
MD
LG