Сарыгул: Коомчулук өкмөттү алга жетелеши керек
Түркиядагы кыргызстандык ишкерлер эки өлкө ортосундагы ишкердикти өнүктүрүү демилгесин көтөрүп жатышат. “Кыргызстан-Түркия” достук жана маданият коомунун жетекчиси, ишкер Айбек Сарыгул “Азаттыкка” курган маегинде бул маселе жакында Анкара шаарында боло турган кыргызстандык ишкерлердин форумунда талкууланарын билдирди.