Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:45

Карышкыр изине түшкөн аңчы


Карышкыр изине түшкөн аңчы
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

Нарын районунун Оттук айылынын тургуну Надырбек Кыдырмышов айылдагы малды карышкыр кырып жатканын карап олтура албай көк жалга ууга чыккан. Ал бир айда сегиз карышкыр, алты чөө аткан. Бирок ал аткан карышкырларынын териси бааланбай жатканын айтты. Ал арада облустун бийлик өкүлдөрү мергенчилер үчүн сыйлыкты беш миң сомдон он миң сомго көтөрүү үчүн өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кат жолдошту. Жыл башынан бери Нарында карышкыр жеп кеткен малдын чыгымы 12 млн. сомго жетти. Карышкырларды жок кылуу үчүн өкмөттөн 500 миң сом каралган. Учурда анын 150 миң сому гана өкүлчүлүктүн эсебине которулган.

XS
SM
MD
LG